1916-жылкы окуяларды изилдөө: ЫМУ, ИФИАК, Айгине маданий изилдөө борборунун орток жыйналышы

МИБ Айгине Франциянын Борбордук Азияны изилдөө институту (IFEAC) жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин өкүлүнүн катышуусунда “ «1916-жылдын элеси Ысык-Көл монастырынын аббаты, архимандрит Иринархтын (Иван Семенович Шемановский) күндөлүгүнүн көз карашы аркылуу: аныктоолор, эскерүүлөр, көз караштар» 2022-жылдын 9-сентябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөрүштү.

8-жана 10-сентябрда семинарга катышкандар 1916-жыл-ды эскеруу жайларында болушту. Сүрөттөрдү иш чаранын катышуучусу Асел Даниярова тартуулады.

Иш чарада төмөнкүдөй билдирүүлөр айтылды:

Асел Даниярова: И.С. Шемановский: күндөлүк кайда бүтүп, эскерүүлөр башталат;

Владимир Шварц: И.С. Шемановский 1916-жылдагы окуялардын тарыхнаамасында Семиреченск областынын Пржевальский уезды;

Анвар Наншанло: Архимандрит Иринархтын күндөлүгүндө дунгандар жөнүндө эскерүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр;

Жаңыл Бөкөнтаева: Архимандрит Иринархтын күндөлүгүндөгү кыргыздын жалпыланган элеси;

Садыр уулу Жумагазы: Көтөрүлүшчүлөрдүн аскердик деңгээли;

Гзавиер Аллез: Иван Шемановскийдин күндөлүгүндө сүрөттөлгөн зордук-зомбулук жана көтөрүлүштүн уюштурулушу жөнүндө ой жүгүртүүнүн элементтери;

Бакыт Жолдошбекова: Кыргызстандын архивдик фонддорундагы 1916-жылдагы окуялардын далили;

Клоэ Дрие: Дин кызматкери-этнографтын жана солдаттын күндөлүгү: Баяндоо боюнча жалпы байкоолор

Гүлнара Айтпаева: И.Шемановскийдин күндөлүгү жана постколониялык концепциялар;

Түрк, Осмон, Балкан жана Борбор Азия изилдөөлөр борборунун (Париж) өкүлү Александр Тумаркин 1916-жылдагы Борбор Азиядагы окуяларга Осмон империясынын өкүлдөрүнүн катышуусу мүмкүн болгон «беш түрк»  баянына түшүндүрмөлөрдү берди.

Жыйынтыктоочу бөлүгүндө ар бир катышуучу жана уюштуруучулар жеке көрсөткүчтөр боюнча иш чарага баа беришти. Бардык катышуучулар 1916-жылдагы бир документти адистештирилген талкуулоо форматы жемиштүү болгонун жана иш чара мүмкүн болгон күтүүлөрдөн ашып кеткендигине макул болушту.