Үчүнчү сынак маалыматы:
Н.Абдрахмановдун автордук чыгармаларына – күүлөрүнө жана обондуу ырларына – коюлган бийлердин жана башка чыгармачыл көрүнүштөрдүн негизинде 2 (эки) айлампадан турат:
Бул сынак ар-тараптуу багыттагы бий топтору, театр артистери, баардык өнөрпоздор жана облустук, райондук маданият бөлүмдөрүнүн өнөрпоздору, жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышат.
Биринчи айлампа:
ОРДУ – Бишкек ш., КТРК концерттик залы
МӨӨНӨТҮ – Тогуздун айы 14, 2022 ж.
Финалдын катышуучуларына, алган упайларына жараша байгелүү жана кызыктыруучу орундар ыйгарылат.
Финал:
ОРДУ – Бишкек ш., КТРК концерттик залы
МӨӨНӨТҮ – Тогуздун айы 17, 2022 ж.
Баалоонун негизги талаптары:
- Бийдин/чыгарманын жаңылыгы жана көркөмдүгү;
- Аткаруучулук чеберчилиги;
- Музыкалык көркөм каражаттардын кесипкөйлүк денгээлинде колдонулушу;
- Сахна маданияты ж.б.