Экинчи сынак маалыматы

Экинчи сынак маалыматы:

Н.Абдрахмановдун автордук обондуу ырларынын негизинде 3 (үч) айлампадан турат:

Салттуу музыка искусствосунун аваздык,  аспаптык багытын алып жүрүүчүлөрү, тактап айтканда Н.Абдрахмановдун обондуу ырларын улуттук музыкалык аспаптардын жана заманбап ыкманын (эстрада, аккордион, ансамбль, оркестр ж.б.) коштоосунда, кесипкөйлүк деңгээлде ырдай алган баардык өнөрпоздор, облустук, райондук маданият бөлүмдөрүнүн өнөрпоздору музыкалык атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышат.

Биринчи (тандоо) айлампасында катышуучулар Н.Абдрахмановдун тизмеде көрсөтүлгөн ырларынын ичинен өзү каалаган 1 (бир) ырды аткаруусу шарт.

Биринчи айлампа:

ОРДУ – Бишкек ш., Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл обл., жергиликтүү маданият бөлүмдөрү, музыкалык атайын орто жана жогорку окуу жайлары.

МӨӨНӨТҮ – Аяк оона 20-30, 2022 ж.

Экинчи айлампада катышуучулар Н.Абдрахмановдун тизмеде көрсөтүлгөн обондуу ырларынын ичинен өзү каалаган 1 (бир) ырын аткаруусу зарыл.

Экинчи айлампа:

ОРДУ – Бишкек ш., КТРК концерттик залы

МӨӨНӨТҮ – Тогуздун айы 15, 2022 ж.

Финалга жолдомо алган аткаруучулар, Н.Абдрахмановдун тизмеде көрсөтүлгөн обондуу ырларынын ичинен өз калоосундагы 1 (бир) ырын аткаруусу шарт.

Финал:

ОРДУ – Бишкек ш., КТРК концерттик залы

МӨӨНӨТҮ – Тогуздун айы 17, 2022 ж.

Ырлардын тизмеси:

  1. «Алтын казыгым»
  2. «Аппак сүйүү»
  3. «Бул дүйнө»
  4. «Коштошуу»
  5. «Күткүн махаматыңды»
  6. «Өзүңө»
  7. «Өмүрлүк жар»
  8. «Талым кыз»
  9. «Таппадым сендей»
  10. «Туулган жерим»
  11. «Ураан ыры»
  12. «Шаңга батсын»
  13. «Ысык-Көл»

Баалоонун негизги талаптары:

  • Катышуучулардын аткаруу ыкмасына карата – соло жана ансамбль – эки багытта бааланат;
  • Аткаруучулук чеберчилиги;
  • Музыкалык көркөм каражаттардын кесипкөйлүк денгээлинде колдонулушу;
  • Сахна маданияты ж.б.