Биринчи сынак маалыматы:
Н.Абдрахмановдун автордук күүлөрүнүн негизинде 3 (үч) айлампадан турат:
Бул сынакка салттуу музыка искусствосунун аваздык жана аспаптык багытын алып жүрүүчүлөр, Н.Абдрахмановдун күүлөрүн жеке же ансамбль менен кесипкөйлүк деңгээлде ойной алган баардык өнөрпоздор, облустук, райондук маданият бөлүмдөрүнүн өнөрпоздору, музыкалык атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышат.
Биринчи (тандоо) айлампасында катышуучулар Н.Абдрахмановдун тизмеде көрсөтүлгөн күүлөрүнүн ичинен өзү каалаган 2 (эки) күүнү ойносу зарыл.
Биринчи айлампа:
ОРДУ – Бишкек ш., Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл обл., жергиликтүү маданий бөлүмдөр, музыкалык атайын орто жана жогорку окуу жайлары.
МӨӨНӨТҮ – Аяк оона 20-30, 2022 ж.
Экинчи айлампага жолдомо алган аткаруучулар, Н.Абдрахмановдун тизмеде көрсөтүлгөн күүлөрүнүн ичинен өзү каалаган (биринчи айлампада аткарылган күүлөрдөн башка) 2 (эки) күүнү аткарууга тийиш.
Экинчи айлампа:
ОРДУ – Бишкек ш., КТРК концерттик залы
МӨӨНӨТҮ – Тогуздун айы 14, 2022 ж.
Финалдык айлампага чыккан катышуучулар Н.Абдрахмановдун тизмеде көрсөтүлгөн 5 (беш) күүсүнүн ичинен өз калоосундагы 1 (бир) күүнү чертип жана анын тарыхын айтып берүүсү шарт.
Финал:
ОРДУ – Бишкек ш., КТРК концерттик залы
МӨӨНӨТҮ – Тогуздун айы 17, 2022 ж.
Биринчи (тандоо) жана экинчи айлампада ойноло турган күүлөр:
- «Абай ата»
- «Алтын-Балалык»
- «Ата-Мурасы»
- «Атакемдин эрмек күү»
- «Атиллахан»
- «Калкым сүйгөн Карыпбек»
- «Кулунчак»
- «Мезгил жаңырыгы»
- «Сөң-Көл»
- «Түркия кайрыктары»
Финалда ойноло турган күүлөр:
- «Азаттык камбаркан»
- «Өмүр көчү»
- «Улуу тоолор»
- «Үркүн»
- «Эне жүрөгү»
Баалоонун негизги талаптары:
- Аткаруучулук чеберчилиги;
- Комуз чертүүнүн кесипкөйлүк деңгээли;
- Сахна маданияты ж.б.