Комузчу, күүчү, ырчы-аткаруучу, Эн-Белги комуз үйрөнүү ыкмасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына карата, көп кырдуу чыгармачыл дүйнөсүнө арналган «Дайым сулуу бул дуйнө» аттуу кароо-сынактын жобосу.
Бул сынак кыргыз салттык, аспаптык музыкасын, комузчулук, күүчүлүк, аткаруучулук өнөрлөрдү өнүктүрүү максатын көздөө менен бирге, Н.Абдрахмановдун чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү, чыгармаларын сактоо жана жалпы жайылтуу болуп саналат. Н.Абдрахмановдун көп кырлуу чыгармачылык дүйнөсүн эл алдына адискөйлүк деңгээлде алып чыга ала турган, чыгармаларын чеберчилик менен аткара алган мыкты жаш талант аткаруучуларды эл алдына алып чыгуу.
Кароо-сынак 3 (үч) багытта өтөт:
- Биринчи сынак – Н.Абдрахмановдун автордук күүлөрүнүн негизинде;
- Экинчи сынак – Н.Абдрахмановдун автордук обондуу ырларынын негизинде;
- Үчүнчү сынак – Н.Абдрахмановдун автордук чыгармаларына, күүлөрүнө жана обондуу ырларына коюлган бийлер жана башка чыгармачылык көрүнүштөр.
Кароо-сынак 15 жаштан 30 жашка чейинкилердин арасында бир нече айлампа менен өтөт.
Бул сынакка салттуу музыка искусствосунун аваздык жана аспаптык багытын алып жүрүүчүлөр, Н.Абдрахмановдун күүлөрүн жана ырларын жеке же ансамбльда, оркестрде кесипкөйлүк деңгээлде ойноп же ырдай алган баардык өнөрпоздор, өрөөндөрдөгү жергиликтүү облустук жана райондук маданият бөлүмдөрүнүн өнөрпоздору, музыкалык атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышат.
Ар бир багыттын жүрүшү жана эрежелери жөнүндө толук маалымат «Сынак маалыматы» баракчасында камтылган.
Биринчи (тандоо) айлампасы жергиликтүү облустук, райондук жоопкерчиликтүү маданий бөлүмдөр, окуу жайлар жана башка мекемелер тарабынан уюштурулуп, айлампанын жыйынтыгы уюштуруучу топтун дарегине кат түрүндө жөнөтүлүшү зарыл. Жыйынтыкта экинчи айлампага өткөн катышуучулардын аты-жөнү, аткарган эки (2) күүнүн аталышы жана туулгандыгы тууралу күбөлүк/паспорту камтылып, Тогуздун айынын 1-7 чейин жөнөтүлүшү – шарт.
Уюштуруучу топ:
- Айгине маданий-изилдөө борбору, демилгечи, ЮНЕСКОнун 2003 Конвенциянын алдындагы аккредитацияланган уюм жана Сыноо комитетинин мүчөсү;
- КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
- Н.Абдырахмановдун үй-бүлөсү;
- Чолпон Алымбекова, №5 Балдар искусство мектеби;
Уюштуручуу топ төмөнкү маселелердин үстүндө иш алып барат:
- Жобонун негизинде сынактарды өткөрүү үчүн баардык шарттарын түзүү;
- Сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлыктарын жана дипломдорун даярдоо;
- Сынак тууралуу маалыматты массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу жана өнөр адамдарына, маданий музыкалык окуу жайларына жана жалпы журтка жеткирүү;
- Калыстар тобунун тизмесин тактоо жана түзүү;
- Жободо көрсөтүлгөн баардык эрежелердин сакталышын камсыздоо.
Уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүүчүүлөр:
- Бишкек ш., Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл обл., жергиликтүү маданий бөлүмдөр, музыкалык атайын орто жана жогорку окуу жайлары;
- Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы;
- Кубатбек Джакыпов, И.Арабаев атындагы КМУ;
- Н.Абдрахмановдун шакирттери.
Демөөрчү топ:
- Айгине маданий-изилдөө борбору;
- КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
- Н.Абдырахмановдун үй-бүлөсү;
- Борбордук Азия университети, Маданий мурас жана гуманитардык илимдер бөлүмү;
- Н.Абдрахмановдун шакирттери
Калыстар тобу:
- Калыстар тобунун курамына композиторлор, тилчилер, салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрү жана Н.Абдрахмановдун чыгармачылыгын жакын тааныган адамдар кирет;
- Сынакка катышуучулардын аткаруучулук деңгээлин 5-10го чейинки баллдык система менен ачык добуш берүү аркылуу аныкталат;
- Катышуучулардын көрсөткүчтөрү бирдей болуп калган учурда төрайым/төрага акыркы чечим кабыл алат;
- Калыстар тобунун жыйынтыктоочу чечими кайра каралбайт.