Иш чаранын күндөрү долбоордун негизги адиси археолог Солтобаев Ороз жана КР Маданият министрлигинин кызматкерлери Жолдошов Чынарбек, ошондой эле салттуу билимдер боюнча адистер Жумагазы Садыр уулу жана Чынара Сейдахматова менен макулдашылды.
Иш чара 31-июл күнү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин имаратында, Каракол шаары үткүрүлдү. Иш чарага 10 окуучу катышты (ИМУнун 7 окуучусу жана КУУнун 2 окуучусу). Иш чарада төмөнкү темалар каралды:
- Чийимташтардын күбөлөндүрүүнүн нормалары жана процесси
- Жергиликтүү көчмөндөрдүн салттуу жашоосун чагылдырган чийимташтар, таштар жана дөбөлөр топтолгон жерлер
- Кыргызстандын салттуу билимдер боюнча адистеринин чечмелөөсүндө чийимташтардын мааниси
Солтобаев Ороз, Жумагазы уулу Садыр, Сейдахматова Чынар жана Жолдошов Чынарбек Ак-Булуң чийимташтардын алдын ала изилдөөнүн негизинде лекцияларды окушту. Талкууда классикалык археологияда кабыл алынган жана кыргыз руханий практикасында колдонулган терминология маселелери көтөрүлдү.
Иш чаранын соңунда МИБ Айгиненин тарабынан тартылган «Чийимташтардын сыры» даректүү тасмасы көрсөтүлдү.
Биринчи күнү окуучулар экиден бөлүнүштү. Ар бир жупка кылдат изилденип, акыркы археологиялык тизмеге кирүү үчүн чиймелер менен таштарды белгилөө керек болгон тараптардан иштерин жүргүзүү учурунда түшүрүлбөгөн 7 жаңы таш табышкан.
Саякаттын экинчи күнү окуучуларга чийимташтарды жана балбал таштарды менен эстампаж процессин үйрөтүүгө арналды. Тиешелүү мастер-класстан кийин окуучулар топторго бөлүнүшүп, ар бир топ өзгөчө жана уникалдуу сүрөттөрдү камтыган таштын эстампаж жасашты. Жумуш күнү окуучулар 20 сүрөттү эстампажга жетишти. Текелердин, төөнүн, антропоморфтук фигуралардын, бугулардын жана башкалардын сүрөттөрү барактарга жана пленкаларга түшүрүлгөн.Ошондой эле Ороз Солтобаевдин жетекчилиги менен бүтүндөй топ менен бирге балбалдын эстмпаж жасалган. Адисттер окуучулардын машыгуу иштерин оң баалашты. Жасалган эстампаж санариптештирилип, долбоордун мультимедиялык продуктуна киргизилет.