Биринчи талаа сапары боюнча баяндама

МИБ Айгине “Ак-Булуң (Ысык-Көл облусу, Кыргызстан) чийимташтарына байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо” долбоорун ишке ашыруу максатында, эң биринчиден, жумушчу топ түздү. Доолбоор, PAWANKA – түпкү улуттардын билимдерин жана ыкмаларын өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жүргүзүлүүдө.  

Жумушчу топтун курамына, археолог, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Ороз Солтобаев, Маданият, туризм жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошов, ошондой эле салттуу билим боюнча адистер Чынара Сейдахматова, Жумагазы Садыр уулу, Чолпонай Усубалиева-Грищук киришти. Долбоордун консультанты, филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева.

Долбоордун алкагында, Ак-Булуң жергесине жумушчу топтун алгачкы талаа тааныштыруу сапары 1-3-июлда өттү. Бул сапардын максаты: таштарды алдын ала текшерүү жана бекитүү. Алгачкы сапарга археолог Ороз Солтонбаев, Маданият министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошев, салттуу билимдер боюнча адис Жумагазы Садыр уулу, жана долбоордун координатору барды.

Талаа иш сапарынын алкагында, жумушчу топ 64 чийимташты сүрөттөп (сүрөт жана gps координаттары) жаздырышкан. Ошондой эле, 2 балбал таш катталган. Адисттер саякаттын жыйынтыгы боюнча ал жердин табияты жана чийимташтардын сыпаттамалары тууралуу алгачкы корутундулары менен алдын ала археологиялык жазууну түзүшкөн.

Сапардын жыйынтыгы боюнча адисттик корутунду: «Бул комплекс Кыргызстандын тарыхында, ошондой эле туризмди өнүктүрүүдө илимий, руханий жана тарбиялык мааниге ээ. Бул Ак-Булуң комплексин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү эстеликтеринин тизмесине киргизүү сунушталат”.