Аттокурова Кумар, Аялдар менен эркектердикин эмнесинен айрымалоого болор?

Аттокурова Кумар, 84 жашта. Бакай-Ата району, Таш-Кудук айылы

Колунан иш келген адамды өнөрлүү деп койгон, эркек адам болсо уста, аял кишини уз деп айткан. Эркек боз үйдүн жыгачын, сандыгын, ат жабдыктарын жасаса, аялдар анын жабууларын, ичин толтурган. Ала кийиз, туш кийиз, шырдак жасаган, кийим тиккен.

Шырдакты жасоо үчүн ар түрдүү оймолонуп кооздолгон кийизди беттештирип милте коюп, жөрмөп, шырыган, жерге төшөөчү көркөм буюм болгондуктан, көп эмгекти талап кылган. Ал үчүн койдун күзгү жана жазгы жүндөрүн тазалап, сабап, кылчыктарын терип, ак-кара жүндөн жасаган. Чийге жука кылып тегиз үзүп, ысык суу куюп оролот, атка сүйрөтүп койсо кийиз бышып калат. Ичин калың кылып кара гана жүндөн кылса болот. Бетин ар кандай боёкторго салабыз.

Узундугу 4 метр, туурасы 2 метр келет. Чакан шырдактын бетинин ортосу болжол менен узундугу 50 жана 90 см болот. Кыюусу 6 же 10см болуп бөлүнөт.

Кыйуусу кандай болот? Мына мыногу ала мончогу деп да коет го, жээги менен ортосунун ортосунда турат. Көркөм оюм түшүрүлгөн кийизге кызыл жиптен милте койсо жарашыктуу болот. Бир эле шырдактын бетине 6 же 8 бири-бирине такыр окшобогон боёкторду да колдонууга болот. Мыкты уздар аны өңүн ача тургандай кылып жайгаштырат. Мында боёктун өңүн ача билүү зор мааниге ээ болот. Боёкту көрүш үчүн уздар туз же эрмен кошулган  сууга салып  билген

Кантип билген? Эрмен менен туз кошулган сууга боёк жакшы чыккан, ошол боюнча билген. Ошол эле сууга кийизди боёкко салып алса жакшы кирген, андай суу боёкту да жакшы кармаган Кийиздин эки түрүн кабаттап, бор менен оюуларын түшүрүп, кайчы менен кырккан, анан аны беттештирип жөрмөп, ичине жармаштырып, ыскыты басылган жээгине да ыскыт мнен милтелеген.

Чыптама болсо азыркы эле чермий да. Сырт кийим, ал жеңсиз, бел жабылгандай, же андан узунураак бычылып, ичтелип тигилет. Бели кынама болуп, боорунан топчулама болот. Кош этек көйнөк менен кийилчү жакалуу, анан жакасы жогу да болгон, жакалуусу саймаланган же гүл түшүрүлүп кооздолгон.

Көбүнчө чий баркыт, баркыт, тукаба трайке өңдүү кездемеден ар кандай формада түрлөнүп тигилет. Ар кимдин көлөмүнө жараша мата коротулат, орточо адамга  эни 1 метр  узундугу  бир  жарым метр кездеме керек, биринчи бычып алгандан кийин ийини, колтуктан ылдый жагын тигип, кыздардыкын белин кынап тигүү керек. Эркектердики узунураак болсо деле боло берет.

Аялдар менен эркектердикин эмнесинен айрымалоого болор? Өңүнөн, кыздардыкы кызыл болсо, эркектердики кара, жашыл, көк өң болот. Кыздардыкы кооздолуп, жээктерине аң терилерден де карматса болот, оюулар түшүрүлген болот, ошодон улам да билүүгө болот.