Салттуу билимдер

Бул бөлүктө элдик ыйык билим, руханият, тиешелүү ырым-жырымдарга байланыштуу маалымат камтылган. Бул баракчалардын негизин Кыргызстандын аймагында жашаган элдердин байыркы, бирок ошол эле учурда, жаңылануучу, калыптануучу руханий тажрыйбаларын көрсөтүп турган ыйык жерлер, жана салттык, бирок адам-баласынын жашоосундагы бүт өзгөрүүлөрдү чагылдырган, руханий жана ырым-жырым тажрыйбасын камтыган институт катарында кабыл алынуучу кыргызчылык түзөт. Ошондой эле, бул бөлүккө салттык же элдик дарыгерчилик да киргизилген, себеби анын негизинде арбактардын, улуу күчтөрдүн жардамы менен ишке ашырылгын дарылоо «принциби» жатат.

Постсоветтик Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин биздин аймакта калыптанган салттык исламдын канчалык туура экени туурасында абдан татаал жана көп тараптуу талкуулар жүрүп жатат. Негизги бирден-бир оппозиция болуп кыргызчылык жана мусулманчылык каралууда. Ыйык жер басуу жана кеңири алынган дарыгерчилик жана айтымчылык тажрыйбасын эске алуу менен кыргызчылык мусулманчылык тарабынан «накта», «анык» эмес деп каралууда. Бул веб-сайтта силер ушундай карама-каршы ойлор каралган жыйындардын протоколдорун жана ага карата болгон маалыматчылардын ой-пикирлерин таба аласыңар.

Бул жерден силер манасчылардын, акындардын жана башка өнөр өкүлдөрүнүн окуяларын таба аласыңар. Кыргыз салттык маданиятында айтуучулук жана талант касиет жана аян деген түшүнүктөр менен дайыма чогуу жүрөт.

Жогоруда айтылып кеткендей, муундан-муунга өтүү – бул салттык билимдеги бирден-бир негизги факторлору болуп эсептелинет. Руханий жана айтуучулук тажрыйбасында устат-шакирт институту руханий салттык билимди алып жүргөн адамдардын пайда болушунда жана түзүлүшүндө эң негизги ролду ойноп келген жана келүүдө. Веб-сайттын дагы бир бөлүгү биз менен маек курган адамдардын устат-шакирттери тууралуу окуяларын камтыйт.

Башка бир бөлүгү жогорудан аң-сезимсиз абалда алынган маалымат, башкача айтканда, кайып илими туурасында. Биздин борбордун иштеп баштаган биринчи жылынан тартып бизге адамдар жогорудагы күчтөрдүн таасиринин негизинде жазылган кол жазмаларын, же басылып чыккан китептерин алып келе баштаган.

Азыркы учурда биз чогултулган маалыматтардын үстүнөн талдоо жүргүзүп жатабыз. Биз басып чыккан материалдардын негизинде талкуу жүргүзүүнү сунуштайбыз. Мисалы, эң жөнөкөй суроо: дүйнөдө кыргызчылык ж.б. көрүнүштөргө окшош кандай нерселер бар, кандай суроолор каралат, ж.б.? Биз чыгарган ар бир китепте (биринчиси 2007- жылы Талас облусундагы изилдөөнүн негизинде кыргыз жана англис тилдеринде, экинчиси – 2009-жылы Ысык-Көл тууралуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылган) Айгине тарабынан 2005-09-жылдар арасында чогултулган кыргызчылык жана мусулманчылык, арбактар менен сырдашуу, совет дооруна чейинки молдолордун орду жана ролу[1] ж.б. ар кандай жагдайларда чогултулган материалдардын негизинде Айгине тобунун анализдеп жазган макалалары камтылган.


[1] Мисалы: «Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр» (Бишкек, 2009) китебиндеги Г.А.Айтпаеванын  “Кыргыз мусулмандарынын арасындагы мазар басуу тууралуу келишпестиктер” (241-256-бб.), Г.Алдакееванын “Кыргыздардын маданий жашоосундагы арбактардын ролу жана орду” (256-265-бб.) аттуу ж.б. макалаларды тапсаңыз болот.

 

Салттык экологиялык билим деген шарттуу түрдө берилген ат; веб-сайттын экинчи бөлүмү жаратылыш менен болгон байланышты чагылдырган маалыматтарды камтыйт. Бул жайлоо, суу ж.б.у.с. жаратылыш байлыктарын колдонуу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү менен болгон байланыш тууралуу билимди чагылдырат. Аң уулоочулук, мал чарбачылык, агрономия сыяктуу жаратылыштын белгилүү бир шарттарына калыптанган жергиликтүү калктын чарбачылык менен иш жүргүзүү билими да каралат. Көпчүлүк учурда жаратылыш чоң роль ойногон коомдук кризис убагында жана жаратылыш кырсыктарынан сактануу же жол бербөө максатында пайдалануучу мүмкүн болгон салттык билимдер туурасында да айтылмакчы. Бул жерге дүйнөнүн түзүлүшү жана пайда болушу туурасындагы салттык билим, ошондой эле элдик календарь жана климат туурасындагы материалдар киргизилүүдө.

Коомдун, үй-бүлөнүн жана чарбанын тузүлүшү жөнүндөгү салттуу билим

Бул баракчаларда коомдук түзүлүштү башкаруучу билим, салттык башкаруу системасы жана элдик укук туурасында маалыматтар камтылган. Бул жерге тууганчылык жана үй-бүлө системасы, санжыра жана балдарды тарбиялоо салттары да киргизилүүдө. Ошондой эле, бул убакыттын, узундук, салмактын салттык түрдө ченелиши жана элдик картография туурасында. Кээ бир терминдер бүгүнкү күнгө чейин колдонулууда. Мисалы, чакырым, салттуу түрдө адамдын үнү жете тургандай аралыкты аныктайт, болжол менен (1.07 км). Бүгүнкү күндө бул сөз кыргыз тилинде километрди (чакырымды) түшүндүрөт. Үй-тиричилиги жана ага тиешелүү болгон нерселердин жасалуу ыкмасы башка бир маанилүү бөлүгүн түзөт. Боз үй көчмөндөрдүн жөн гана салттык жашай турган нерсеси гана эмес, ошондой эле салттык дүйнөлүк картасынын сакталып калуу формасы (таризи) болуп саналат, себеби дегенде ар бир боз үйдөгү элементтин өзүнүн мааниси бар. Буга кошумча, тарбия берүүчү жана дүйнөнүн түзүлүшү тууралуу салттык билимдин чагылдырылышы болуп, уникалдуу институт катарында каралган элдик оюндар да, ушул блокко киргизилүүдө.