Вазыйпа

Коомдук фонд Айгине маданий-изилдөө борбору («айкын», «анык» деген маанини туюнтат) – 2004-жылы май айында филология илимдеринин доктору Айтпаева Гүлнаранын демилгеси, Алымбаева Аида жана Токтогулова Мукарамдын катышуусу  менен ачылган.

Айгине маданий-изилдөө борбору («айкын», «анык» деген маанини туюнтат) — филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаеванын демилгеси менен, Айда Алымбаева жана Мукарам Токтогулованын катышуусунда түзүлгөн коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюм.

Фонддун түпкү максаты — Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн элдеринин маданий мурастарын жана салттык билимдерин сактоо, изилдөө жана алардын коомдогу маанисин арттыруу; салттык акылмандыкты бүгүнкү жашоо менен айкалыштыруу; руханий дүйнө менен илимдин, табият менен маданияттын, салт менен жаңычылдыктын, ошондой эле башка карама-каршы көрүнүштөрдүн өз ара жакындашуу чекиттерин табуу.

Фонддун узак мөөнөттүү максаты — изилдөө, билим берүү, санариптештирүү, маданий демилгелер жана өнөктөштүктөр аркылуу Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн элдеринин маданий мурастарын жана салттык билимдерин азыркы жашоого жигердүү киргизүү, муундар ортосундагы уланмалуулукту бекемдөө жана ар түрдүү маданий жана баалуулук тутумдарынын өз ара түшүнүшүүсүнө шарт түзүү.

Фонддун милдеттери

  • Маданий мурастарды, салттык билимдерди жана тажрыйбаларды сактоо жана жайылтуу.
  • Маданият, тил, көркөм өнөр, тарых жана салттык билимдер жаатындагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү.
  • Билим берүүчү жана агартуучулук иш-чараларды түзүү, адистерди даярдоого көмөк көрсөтүү.
  • Билимдерди сактоо жана бөлүшүү үчүн санариптик аянтчаларды жана санарип мурастар корун өнүктүрүү.
  • Муундар ортосундагы уланмалуулукту жана маданияттар аралык баарлашууну чыңдоого көмөктөшүү.
  • Басма, билим берүү жана маалыматтык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу, анын ичинде китептерди, окуу китептерин, усулдук колдонмолорду, жол көрсөткүчтөрдү, окуу сабактарын, илимий жана жалпы окурманга арналган илимий басылмаларды даярдоо жана чыгаруу, ошондой эле даректүү жана билим берүүчү тасмаларды, сүрөтмульт тасмаларды, үн-көрмө чыгармаларды жана ар кыл мазмундагы санариптик жана басма өнүмдөрдү жаратуу.