Иш жолугушуулар: Бул жумада Айгине МИБ тобу «Хангар Медия» тобунун техникалык адиси Евгений менен жолугушуп, Борбордук Азиянын чийимташтарына арналган сүңгүп кирүүчү көргөзмөнү түзүүгө байланышкан техникалык маселелерди талкуулады. Жолугушууда көргөзмөнүн мазмунун заманбап технологиялар аркылуу кандайча таасирдүү жана түшүнүктүү жеткирүүгө болору тууралуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле мүмкүн болгон техникалык чечимдер жана көрсөтүү ыкмалары каралды. Бул иш биздин мазмун менен техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн айкалышкан жерин тактоого жардам берди. Долбоор ALIPH жана Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынууда. Жергиликтүү мазмунга таянган жаңы ыкмаларды өнөктөштөр менен бирге иштеп чыгуу биз үчүн өзгөчө маанилүү.
Мурас санарипке өтүүдө: Айгине МИБдин кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин санарип бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун негизги маселеси — Айгине МИБ салттуу билим ээлери жана адистер менен бирге түзгөн бейзаттык маданий мурас боюнча маалымат булагын мамлекеттик санариптик маданий аянтчага киргизүү мүмкүнчүлүктөрү болду. Бул маалымат булагы «Бейзаттык маданий мурастын дүйнөсүнө санариптик саякат» аттуу үч жылдык долбоордун алкагында түзүлгөн. Анда кыргыз элинин мурасы менен катар Кыргызстанда жашаган башка жамааттардын мурастары да камтылган.и Жолугушууда буга чейин жыйналган жана иретке келтирилген материалдардын мааниси, аларды мамлекеттик деңгээлдеги кеңири санариптик булакка киргизүүнүн келечеги жана эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Кийинки практикалык кадам катары маалыматтарды өткөрүп берүү жана аларды порталга интеграциялоо маселеси каралууда.
Жандуу салт: кыргызча жылсанак: Женишбек Кызалаков менен жолугушуу өтүп, Төрөн Жумаев сунуш кылган салттуу жылсанактын варианты талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө бул жылсанактын өзгөчөлүктөрү, анын мааниси жана салттуу билимдерди бүгүнкү күндө жаңыча сунуштоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Ошондой эле 18–19-апрелде өтө турган хакатондун программасы тааныштырылып, ушул жылсанакты ошол иш-чаранын алкагында сунуштоо маселеси каралды. Женишбек Кызалаков бул вариантты хакатондо сунуштоого макулдугун билдирип, айлардын кыргызча аталыштарын колдонуу тилди гана эмес, дүйнөтаанымды жана салттуу билимди сактоонун да маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.
Кол өнөрчүлүк маалымат булага: Айгине МИБдин кеңсесинде биздин көп жылдан берки өнөктөштөрүбүз — ICHCAP тобу менен жолугушуу өттү. Жолугушууда Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк боюнча санариптик маалымат булагын мындан ары жакшыртуу, толуктоо жана өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдар талкууланды. Бул маалымат булагы төрт жылдык расмий өнүгүүгө көмөк көрсөтүү (ODA) программасынын алкагында түзүлгөн жана салттуу кол өнөрчүлүктү колдоого, ошондой эле туризм тармагын бекемдөөгө багытталган. Талкуунун жүрүшүндө Айгине МИБдин бул иштеги орду да өзүнчө көңүл бурулуп, мазмунду өнүктүрүү, айрым иштерди коштоо жана мындан аркы кызматташуу багыттары каралды. Мындан тышкары, Айгине МИБдин жетекчиси Гүлнара Айтпаева өзү мүчө болуп саналган долбоордун Жетектөөчү комитетинин жыйынына катышты.
