Климат, салттык билимдер жана жергиликтүү жамааттар: Жалган Курандын 11инде «Тоолуу аймактарда климаттык туруктуулукту камсыздоодо жергиликтүү жамааттардын жана салттык билимдердин орду» аттуу вебинар өттү. Иш-чара «ИСУР» коомдук фонду жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азиядагы Климаттык аракеттер тармагы (CAN EECCA) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында уюштурулду. Вебинарда Айгине МИБ жүргүзүп келген талаа изилдөөлөрүнүн айрым жыйынтыктары сунушталды. Анда климаттын өзгөрүшү, салттык билимдер жана бейзаттык маданий мурас ортосундагы байланыштар Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын мисалында талкууланды. Баткенде климаттык өзгөрүүлөр өрүк өстүрүүгө байланышкан билимдерге таасир этсе, Нарында жайыт абалынын өзгөрүшү жана мал ооруларынын көбөйүшү малчылыкка байланышкан салттык тажрыйбаларга таасирин тийгизип жатканы айтылды. Ысык-Көлдө болсо климаттык өзгөрүүлөрдү касиеттүү жерлерге жана табиятка болгон мамиле менен байланыштырган түшүнүктөр сөз болду. Мындан тышкары, суу тууралуу салттык билимдер, анын ичинде “көк-суу”, “кашка-суу”, “ак-суу”, “кара-суу” сыяктуу аталыштардын мааниси, ошондой эле Көңдүк айылынын мисалында табиятка аяр мамиле түзгөн маданий түшүнүктөр тууралуу да айтылды. Мындай изилдөөлөр жергиликтүү жамааттардын байкоолору илимий маалыматтарды толуктап, тоолуу аймактарда климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашууда маанилүү орунду ээлерин көрсөтөт.
Изилдөөчүлөрдүн күндөлүгүнөн: кыз узатуудагы аялдардын ат жабдыгы: Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айылында кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган аялдардын салттуу ат жабдыктарын изилдөө иштери уланууда. Бул сапарда өзгөчө көңүл салттуу устачылык өнөрдү ата-бабасынан улап келе жаткан Султанмуратов Сыргак сактап жүргөн күмүш куюшканга бурулду. Куюшкан — аттын ээрин, айрыкча эңкейиш жерлерде, моюн жагына жылып кетүүдөн сактоочу жабдык. Анын “кошунду” деп аталган беттери көбүнчө “чымын канат”, “жылдызча”, “байчечек” сыяктуу оюм-чийимдер менен кооздолот. Айрым чеберлер аны алты же сегиз талаа кылып жасап, көркүн арттырган. Бүгүнкү күндө мындай көөнө, салттуу үлгүлөр сейрек кездешет. Ошентсе да алар көчмөн маданияттын, устачылык чеберчиликтин жана мурас сактоонун баалуу күбөсү бойдон калууда. Ошол эле учурда салттуу ыкма менен ат жабдык жасаган чеберлердин саны азайып бара жатканы да байкалат.
Кереге кеңештен кийинки кадамдар: жаңы багыттар жана жолугуулар: Бирдин айынын 27–28инде Айгине тобу уюмдун келечектеги өнүгүүсүнө арналган кереге кеңеш өткөрүп, өнөктөштөрү менен кесиптештеринен көптөгөн баалуу ой-пикирлерди жана сунуштарды топтоду. Жалган куран айынын башынан тартып бул сунуштар талдоого алынып, аларды ишке ашыруунун багыттары менен так кадамдары карала баштады. Ушул иштин алкагында жалган курандын 9унда Австриянын Зальцбург шаарындагы Парис Лодрон атындагы университеттен билим алган социолог жана маркетолог Мээрим Алмазбекова менен алыстан жолугушуу өтүп, коомчулук менен байланышты кеңейтүү жана уюмдун ишмердүүлүгүн кеңири таанытуу жолдору талкууланды. Ал эми жалган курандын 10унда кыргыз кол өнөрчүлүгү боюнча адис жана өнөрпоз Дөөлөт Рысбаев менен жолугушуу болуп, Айгине топтогон тажрыйбага жана материалдарга таянып киреше алып келе турган иш-чараларды уюштуруунун мүмкүнчүлүктөрү сөз болду. Дөөлөт кол өнөрчүлүк фестивалдарын өткөрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, маданий жана изилдөө долбоорлорун колдоого багытталган жаңы иш-чаралардын багыттары тууралуу ой алмашуу жүрдү.