Кыргыздар күндөрдү жана айларды кандай аташкан? Айгине МИБ тобу кыргыздардын салттуу убакыт эсептөө тутумун тактоо боюнча талкуу өткөрдү: көп жылдан бери чыгарып келген кыргызча ай аталыштары бар жылнаама боюнча коомчулуктан суроолор жана негиздүү күмөндөр айтылган. Азыр кеңири колдонулган нуска (жыл январдан — “Үчтүн айы” — башталат) менен, Ишенаалы Арабаев (1911), Касым Тыныстанов (1926) жана Төрөң Жумаев сунуштаган нуска (жыл февралдан — “Жалган куран” — башталат) салыштырылды. 17-февралдагы адистердин жолугушуусуна Темирбек Токтогазиев, Ормон Момунбеков, Жеңишбек Кызалаков, Дөөлөт Сыдыков, Шаакан Токтогул жана Чынара Сейдахматова катышты. Жыйынтыгында топ Арабаев–Тыныстанов–Жумаев көрсөткөн тартипти колдоону макулдашты: анда айлар Ай менен Үркөрдүн “тогоолушу” (жакындашуусу) циклине таянып түшүндүрүлөт. Ошондой эле Тан династиясынын доорундагы кытай булактарында жана аксакалдардын оозеки эс-тутумунда сакталган байыркы аталыштар тууралуу маалыматтар айтылып, жуманын күндөрү, планеталар жана жылдыз топторунун кыргызча аталыштары боюнча кеңири, ырааттуу изилдөө керектиги белгиленди. Айгине тобу бардык катышуучуларга конструктивдүү талкуу үчүн ыраазычылык билдирет.

Изилдөөчүнүн күндөлүгүнөн: Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында кыргыздардын кыз узатууда колдонулган салттуу аялдардын ат жабдыктарын (ээр-токум жана тиешелүү жабдуулар) изилдөө уланууда. Бул жолу биз ата-бабасынан калган күмүш ат жабдыктарын бүгүнкү күнгө чейин аздектеп сактап келген айыл тургуну менен жолуктук. Анын айтымында, атасы да, чоң атасы да ат жабдык жасаган атагы чыккан уста-зергерлер болгон; бул өнөр муундан муунга өтүп, өзү да салтты улап келет. Ал күмүштөлгөн ат жабдык жасаган усталар азыр өтө сейрек экенин белгилеп, чоң үзөңгү эркектерге, кичүүсү аялдарга ылайык жасаларын айтты. Ошондой эле ат жабдык кызга гана эмес, күйөө балага да жасалганы маалым болду: түштүктө кайын журту күйөө балага да ат жабдык берчү салт болгон. Түндүктө бул салт кандай болгонун кийинки изилдөөлөр тактайт деген ишенич бар. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашууда.

Тасма даярдоо: Бул жумада Кыргызстан атынан даярдалып жаткан сунуштоо кагазы үчүн «топу» тууралуу видеотасманын акыркы даярдыгы аяктады. Буга чейин Айгине МИБ тобу кол өнөрчүлөрдүн, билим ээлеринин жана «Кийиз-Дүйнө» тобунун жигердүү катышуусу менен тартуу иштерин жүргүзгөн. Тасмада топунун маданий маани-маңызы, коомдогу орду жана аны жасоого байланышкан билим-тажрыйбалар чагылдырылып, топу кийүү салтынын байыркы тариздерден бүгүнкү күнгө чейин өз маңызын жоготпой, заманбап жашоо жана дизайн менен шайкеш уланып келатканы көрсөтүлөт. Бул тасма Борбор Азиянын беш өлкөсү даярдап жаткан көп улуттуу сунуштун бир бөлүгү болуп, топу/тюбетейка жасоо өнөрү жана аны кийүү салтын ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастардын Өкүлдүк тизмесине сунуштоо максатында даярдалды.