Изилдөө иштери: Учурда жаш изилдөөчү-кол өнөрчүлөрдүн демилгеси жана Айгине МИБдин колдоосу менен кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган салттуу аялдардын ат жабдыктарын (ээр токуму жана ага тиешелүү жабдуулар) изилдөө жана реконструкциялоо боюнча талаа жана архивдик-музей изилдөөлөрү башталды. Бул жумада Бурул Исмантаева жана Эрбол Кулманбетов изилдөө иштерин Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинен башташты. Ал жерде сакталган ат жабдыктардын көөнө түрлөрү менен жакындан таанышып, илгерки уз чеберлердин, усталардын эмгектерин көрүп, салттуу ээр чабуу, салттуу сайма жана күмүш иштетүү ыкмалары боюнча да маалымат топтошту. Долбоор Паванка фондунун каржылоосуу жана колдоосу менен ишке ашырылууда.
Окутуудан аракетке: Баткен облусунун Дөбө айылында курама кудукту калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул иштер окутууга жана жергиликтүү коомчулуктун жигердүү катышуусуна таянып жүрөт. Organic Holding KG, Айгине МИБ жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте аба-ырайынын өзгөрүшү шартында сууну туруктуу башкаруу жана бөлүштүрүү боюнча жыйындар өтүп жатат. Өзгөчө көңүл практикалык нерселерге бурулууда: суу инфраструктурасын кантип тейлөөнү уюштуруу, иштерди алдын ала пландап ишке ашыруу жана жоопкерчиликти айыл деңгээлинде туура бөлүштүрүү. Маанилүүсү — окутуу жыйындарынан кийин айыл тургундары калыбына келтирүү иштерине өздөрү кошулуп жатышат. Курама кудуктун эскирген бөлүктөрүн тазалоо жана алмаштыруу боюнча иштер башталып, ошол эле учурда аны коргоо жана мындан аркы тейлөө чаралары да уюштурулууда. Окутууну дароо тажрыйбага байланыштырып алган мындай ыкма суунун жеткиликтүүлүгүн калыбына келтирүүгө гана эмес, суу байлыгын узак мөөнөттө өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүн да бекемдөөгө жардам берет.
Айгине МИБ «Хакатон: салттуу билимдин бүгүнкү маанилүүлүгүн жаңы куралдар аркылуу ачуу» аттуу жаңы долбоорду ишке ашырууну баштады. Биз салттуу билимдин алып жүрүүчүлөрү (эпос, экологиялык жана руханий тажрыйбалар, ыйык жайлардын сакчылары ж.б.) менен технология тармагындагы жаш адистердин (программисттер, дизайнерлер, инженерлер, урбанисттер) ортосунда маек куруп, биргелешкен чыгармачылык үчүн аянтча түзүүнү көздөйбүз. Долбоордун багыты — 3–4 күнгө созулган көп тармактуу хакатон: топтор ой-пикирлерин иштеп чыгып, салттан шыктанган санариптик жана технологиялык сыноо үлгүлөрүн жаратышат. Алдын ала каралган маселелердин арасында ыйык жерлерге болгон заманбап коркунучтар, салттуу аял-эркекке тиешелүү салттуу милдеттер, элдешүү жана жарашуу боюнча салттуу тажрыйбалар, ошондой эле чийимташтарды коргоо жана сактоо маселелери бар. Айгине МИБ тобу салттуу жамааттар менен бирге тажрыйбалык иштерди алдын ала пландаштырууга да киришти. Долбоор чыныгы муктаждыктарга жана жамааттардын тажрыйбасына таянышы үчүн, талаадагы иш-чаралардын багыты боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда биз IT тармагындагы жаш адистерди топтоого, топту түзүүгө жана аларды табууга жигердүү кириштик. Натыйжада биз салт менен технологиянын ортосунда туруктуу байланыш түзө турган санариптик аянтчаны калыптандырууну, кеминде 3–5 чечимдин сыноо үлгүсүн чыгарууну, ойлорду санарип тизмесин түзүүнү жана андан ары 1–2 эң мыкты долбоорду ишке ашырууга сынак же колдоо көрсөтүүнү пландап жатабыз.