Маанилүү жумуш соңуна чыгып барат — Борбор Азиянын чийимташтары боюнча маалымат булагын түзүү иши аяктоодо. Бул жыйынтыктын артында айлар бою жүргүзүлгөн биргелешкен эмгек, талаа изилдөөлөрү, талкуулар, тактоолор жана өз ара ишеним турат. Натыйжада маалымат булагына аймак боюнча 84 чийимташ комплекси киргизилди: Казакстанда — 28; Өзбекстанда — 14; Тажикстанда — 4; Түркмөнстанда — 2; Кыргызстанда — 36. Маалымат булагын түзүүгө Айгиненин Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндөгү мурунку жана жаңы өнөктөштөр — археологдор, этнографтар, изилдөөчүлөр, жергиликтүү билим ээлери жана демилгелүү адамдар катышты. Бул ар түрдүү ыкмалар менен көз караштарды бириктирген жалпы максат — чийимташ мурасын сактоо жана муундарга өткөрүп берүү үчүн жасалган чыныгы биргелешкен эмгек болду. Бул ишке салым кошкон бардык адамдарга терең ыраазычылык билдиребиз. Бул маалымат булагы — акыркы чек эмес, Борбор Азиянын чийимташ мурасын изилдөө, пикир алмашуу жүргүзүү жана ага аяр мамиле кылуу үчүн бекем негиз.
«Жети эненин батасы» долбоору расмий түрдө жыйынтыкталды. Бирок бул багыттагы иш токтобойт. Айгине тобу долбоордун негизинде жаралган чыгармачылык эмгектерди мындан ары да жарыялап турат. Алардын катарында кыймылдуу сүрөт тасмалар (анимация) , баталардын жана кошоктордун тексттери жана. Долбоордун алкагында жети кошок жаралды, жети окуя: Алтынай, Айзирек, Айкыз, Рахима, Айтурган, Бурулай, Айзада. Кыздарыбыздын, аялдарыбыздын ысымдар биздин эсибизден өчпөшү керек. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын бул кайгылуу тизмеге жаңылары кошулуп жатат. Аялдарга каршы зомбулук, күйөөлөрүнүн колунан өлтүрүлгөн учурлар дагы эле учурап жатат. Биз үчүн бул маселе коом эсинен чыгып кетпеши маанилүү. Долбоордо жаралган натыйжаларды баскыч-баскычы менен бөлүшүп, бул маселеге болгон коомдук көңүлдүн басаңдап кетпешине салым кошууну максат кылабыз.