Өнөктөштөр менен жолугушуу: климаттын өзгөрүшү шартында суу жана салттуу билимдер: Бештин айынын 18-де Айгине МИБдин кеңсесинде «Association Organic Holding KG» юридикалык жактар ассоциациясынын өкүлдөрү жана Чынара Сейдахматова менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө аба-ырайынын өзгөрүшү шартында сууну пайдалануу жана бөлүштүрүү боюнча салттуу билимдерге байланыштуу маселелер талкууланып, кеңеш берилди. Айгине МИБ тобу аба-ырайынын өзгөрүшү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрүнө жана жергиликтүү суу байлыктарын башкаруу тажрыйбаларына негизделген сунуштар жана кеңештер менен бөлүштү. Ошондой эле Баткен облусунун Дөбө айылында ишке ашырылып жаткан долбоордун кийинки кадамдары талкууланып, Бештин айынын башында болгон алгачкы талаа сапарынын жыйынтыктары чыгарылды. Долбоордун максаты — аймактын табигый, климаттык жана маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сууну натыйжалуу жана адилеттүү пайдаланууга көмөктөшүү.
КТРК «Маданият» телеканалындагы түз эфир: максымдын ЮНЕСКОнун тизмесине катталышы жана Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасынын санарип булагы: КТРК «Маданият» телеканалында кыргыз элинин салттуу суусундугу максымдын ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастын Өкүлдүк тизмесине катталышына арналган түз эфир көрсөтүлдү. Берүүгө Айгине маданий-изилдөө борборунун жетекчиси Гүлнара Айтпаева, Кыргыз Республикасында ЮНЕСКО иштери боюнча жооптуу катчы Сабира Солтонгельдиева, ошондой эле «Супара» этнокомплексинин кош-негиздөөчүсү жана башкы жетекчиси Жаңылсызат Турганбаева катышты. Түз эфирдин жүрүшүндө коноктор бул окуянын маанисин, Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастарды сактоо боюнча Өкмөттөр аралык комитетинин 20-сессиясынын алкагында аткарылган иштерди жана кыргыз делегациясынын ишмердүүлүгүн кеңири баяндап беришти. Ошондой эле жыйналыштын алкагында Айгине МИБ тобу тарабынан уюштурулган иш-чарага өзгөчө көңүл бурулду. Анда Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасынын санарип платформасы тааныштырылып, ал улуттук салт-билимдерди иретке келтирүү, сактоо жана муундан муунга өткөрүүдө маанилүү курал экени белгиленди. Иш-чаранын алкагында Мирхамид жана Шаакан Токтогуловдор кыргыз салттуу маданиятындагы сейрек аткарылып калган эки жөрөлгөнү — «жар көрүшүү» жана «баш байлоо» кайра жандандырып, элге көрсөтүштү.