Тарыхчы жана этнограф Нодыр Кузиев менен жолугушуу: Аяк Оона айынын 11-де Бухара университетинин тарыхчысы жана этнографы Нодыр Кузиев менен жолугушуу өттү. Бул жолугушуу «Борбор Азия чийимташтарынын бирдиктүү маалымат булагын жана санариптик аянтчаны түзүү» долбоорунун алкагында уюштурулду. Нодыр Кузиев чийимташтарды этнографиялык жактан чечмелөөнүн маанисин белгилеп, «Эмне үчүн дал ушул жаныбар тартылган? Эмне үчүн дал ушундай формада?» деген сыяктуу суроолорду изилдөө зарыл экенин баса белгиледи. Айгине МИБ бул долбоордун алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы чийимташтары бириктирген санариптик аянтчаны иштеп чыгууда. Булагыбызда сүрөттөр, сүрөттөмөлөр, тасмалар жана илимий изилдөөлөр топтолуп, кеңири кызыкдар чөйрө үчүн жеткиликтүү жана кызыктуу болот. Биз мазмундуу маек үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы кызматташууга үмүттөнөбүз.
![]()
Акыркы даяардоо: Бул жумада Айгине МИБ Кыргызстан Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясы менен биргеликте маанилүү иш-чарага — «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасы дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында түзүлгөн улуттук маалымат булагын бет ачарына акыркы даярдыктарды аяктоодо. Бет ачар Аяк Оонанын 18-де Бишкек шаарындагы «Супара» этнокомплексинде өтөт. Маалымат булакта Кыргызстан бардык аймактарындагы мурас ээлери жана жамааттары менен тыгыз кызматташтыкта даярдалган маалыматтар топтолгон: кыргыздын салттуу билимдерин, тажрыйбаларын жана үрп-адаттарын чагылдырган тексттер, сүрөттөр, камтылган.
![]()

