
Салттуу кол өнөрчүлүк боюнча видеотасмалар сынагынын жыйынтыгы чыгарылды: Айгине МИБ кеңсесинде Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк боюнча санариптик маалымат булагын түзүү долбоорунун алкагында уюштурулган видеосынактын жыйынтыгын чыгаруу аземи болуп өттү. Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан талаа изилдөөчүлөр катышып, усталар, алардын ыкмалары жана кол өнөрчүлүктүн маани-маңызы тууралуу видеоматериалдарды сунушташты. Жалпысынан 6 изилдөөчү тарабынан 35 видеотасма кабыл алынды.
Жеңүүчүлөр төмөнкүлөр болду:

1-орун — Дөөлөт Рысбаев

2-орун — Исмантаева Бурул жана Исмантаева Назгүл

3-орун — Жунусов Руслан жана Жолдошбаев Мирлан
Видео булагын түзүүгө кошкон салымы үчүн Токтогулов Миррахим жана Кулманбетов Эрбол кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Иш чарада маданият жаатындагы белгилүү адис, сынактын калыстар тобунун мүчөсү жана Айгиненин көп жылдык өнөктөшү болгон Динара Чочунбаеванын жаркын элеси өзгөчө белгиленип, анын Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүк мурасын өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы эскерилди.

ЮНЕСКОнун Өкүлдүк тизмесине көп улуттуу сунуш даярдалууда: Кулжа айынын 10-күнү Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын бейзаттык маданий мурас боюнча адистери экинчи онлайн жолугушуусун өткөрүштү. Жолугушуунун негизги максаты — топу/такыя жасоо өнөрү жана аны кийүү салтын ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастын Өкүлдүк тизмесине киргизүү үчүн даярдалып жаткан көп улуттуу сунуштун биринчи бөлүгүнүн булганыч текстин талкуулоо болду. Бул демилгенин уюштуруусу жана координациясы Түркмөнстандын жетектөөсүндө жүрүүдө, ал эми Кыргызстан тараптан Айгине МИБ өкүл катары катышууда.

«Дулдул Булак» тасма: Асель Китаеванын жетекчилиги алдында жаш сүрөтчүлөр командасы «Дулдул Булак» аттуу анимациялык фильмди жаратуу иштеринин соңуна чыгып калышты. Тасмада анимация менен жандуу тартуулар айкалышып, Ош облусунун Араван районунда жайгашкан ыйык булак тууралуу баяндайт. Ал жердин тарыхы, мааниси жана жергиликтүү эл үчүн орду аркылуу ыйык жерлердин маданияттагы жана руханий жашоодогу орду чагылдырылат. Тасманын жаратуучулары мындай жерлерди жаратылыш обьектиси катары эле эмес, элибиздин салты менен эскерүүсүнүн маанилүү бөлүгү катары көрсөтүүнү көздөшөт.