«Манас» академиясы менен жолугушуу: элдик чыгармачылык боюнча бөлүм: Бугу айынын 26сында Айгине маданий изилдөө борборунун тобу Кыргыз улуттук «Манас» академиясынын жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда кыргыз элинин бейзаттык маданий мурастарынын санариптик булагында Элдик оозеки чыгармачылыгы, сөз байлыгы жана аткаруучулук өнөрү” бөлүмү талкууланды. Жыйын учурунда топтолгон маалыматтарга алдын ала адистештирилген баалоо жүргүзүлүп, бөлүм боюнча таанытым иш-чарасынын күнү макулдашылды. Макулдашууга ылайык, бул бөлүмгө арналган таанытым иш-чарасы Кулжа айынын биринчи жарымында өткөрүлөт.
Кол өнөрчүлүк булагы: жеке маалыматтар жана метамалыматтар: Бугу айынын 26сында, Айгине борборунун кеңсесинде ЮНЕСКОнун алдындагы Бейзаттык маданий мурастар боюнча маалымат жана кызматташтык борбору (ICHCAP) менен жумушчу жолугушуу болду. Бул жолугушуу Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүктөр боюнча санариптик маалымат булагын түзүү долбоорунун алкагында уюштурулду. Жолугушууда аймактардан чогултулган маалыматтарды иреттөө боюнча акыркы кадамдар талкууланды. Метамалыматтарды туура түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, булак издөөгө жана мазмунун түшүнүүгө ыңгайлуу болушу үчүн сунуштар берилди. Ошондой эле маалымат булагында чагылдырылуучу усталардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу жана коргоо маселеси дагы талкуланды.
Коңур үн боюнча долбоор: вебинар аркылуу бөлүшүү: Айгине МИБ Паванка фонду уюштурган «Жергиликтүү жамааттардын үнү» аттуу онлайн-вебинарлардын экинчи жолугушуусуна катышты. Вебинарда Айгине борборунун кыргыз музыкалык мурасын калыбына келтирүү боюнча тажрыйбасы сунушталды. Айрыкча көңүл борборунда комуз жана кыл кыяк аспаптарына мүнөздүү болгон, бирок убакыттын өтүшү менен унутулган коңур музыкалык үндү кайра жаратуу долбоору болду. Долбоордо усталар, мугалимдер жана музыканттар чогуу иш алып барышып, аспаптарды кайра жасап чыгышып жана студенттерди үйрөтүшкөн. Вебинар кыргыз салтындагы жандуу ырым менен ачылды: мугалим эже шакиртинин оозуна комуздун учун салып, ага өнөрдү берүүнү жана батаны берип койду.
«Балдар Асманы»: китеп жана мультасма таанытылды: Бугу айынын 30унда Бишкек шаарындагы №20 бала бакчасында «Балдар Асманы» аттуу китептин мультасмасы көрсөтүлүп, балдарга китептер таратылды. Бул китеп Айгине МИБ жана «Жылдыз Санак» демилгелүү тобунун кызматташтыгынын негизинде даярдалган. Китеп кыргыз элинин жылдыздар жана планеталар тууралуу салттуу түшүнүктөрүн балдарга арналган жомок жана окуялар аркылуу баяндап берет. Китептин түзүүчүсү — Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Абакир Калыбеков, тил редактору — журналист Шаакан Токтогул. Сүрөттөрдү жаш сүрөтчүлөрдөн турган чыгармачыл топ Алия Алишерова менен Асель Китаеванын жетекчилигинде тарткан. Эскертүү: Бала бакчадагы көрсөтүү учурунда тартылган сүрөттөр жана видеоматериалдар ата-энелердин жазуу жүзүндөгү уруксаты болбогондуктан коомчулукка жарыяланбайт.