Маданият министрлиги жана ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссия менен жолугушуу: Бугу айынын 22синде Айгине маданий изилдөө борборунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева менен жолугушту. Жолугушууда Айгине тобу Кыргызстандагы бейзаттык маданий мурас боюнча түзүлүп жаткан санариптик маалымат булагынын мазмунун тааныштырып, аны министрликтин каттоосуна өткөрүү маселесин талкуулады. Аянтчанын расмий таанытмасы Кулжа айынын экинчи жарымында өтөт деп күтүлүүдө, андан соң бул маалымат булагындагы элементтердин тизмеси мамлекеттик деңгээлде бекитилет. Аянтча жети багыт боюнча кыргыз элинин бейзаттык мурастарын камтыйт жана дунган, уйгур элдеринин маданий мурастары тууралуу маалыматтар менен да толукталган.

Адистик жолугушуулар жана санариптик аянтчанын таанытмалары: «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында таанытма иш-чаралар уланууда. Б.Т. Турумбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясында салттуу оюндар бөлүмүнө арналган адистер жолугушуусу өттү. Бул бөлүм салттуу билимдерди изилдөөчү Темирбек Токтогазиев тарабынан даярдалган. С. Чокморов атындагы №10 лицейинде болсо, салттуу тамак-аштарды даярдоо боюнча билимдерди чагылдырган бөлүк тааныштырылды — бул материалдарды Шаакан Токтогул топтогон. Ал эми Каракол шаарында өткөн жолугушуу дунган жана уйгур элдеринин бейзаттык мурастарына арналды: дунгандардын мурастары 8 багытта 80 элемент, уйгурлардыкы 7 багытта 46 элементти түзөт. Катышуучулар санариптик аянтчанын актуалдуулугун белгилеп, аз сандагы улуттардын мурастарына көңүл бурулганына ыраазычылык билдиришти.

Жумагазы Садыр уулунун элесине арналган дил баян сынагынын жыйынтыгы: Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы Жумаев Мырзабай атындагы орто мектепте Жумагазы Садыр уулунун жаркын элесине арналган дил баян сынагы жыйынтыкталды. Окуучулар анын жаштарга болгон үлгүсү жана айылдын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу темаларда чыгарма жазышты. Жеңүүчүлөргө сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара жүрүшүндө поэтикалык чыгармалар окулуп, мугалимдер жана окуучулар эскерүүлөр менен бөлүштү. Иш-чаранын соңунда мектеп директору Жумагазы абага арналган эстелик бурч түзүү ниетин билдирди.