🌀 Өзбекстандагы жолугушуулар жана кызматташтык иштери: Бугу айынын 14–15 күндөрү Айгине МИБ тобу Өзбекстанда бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрүп, Борбор Азиядагы чийимташтар боюнча бирдиктүү маалымат булагын түзүү багытында пикир алмашуулар жүрдү. 14-майда Ташкент шаарында Кыргызстандын бейзаттык мурасын сактоо тажрыйбасын талкуулаган жолугушуу өттү. Жолугушууда Айгине МИБ директору Гүлнара Айтпаева китептер жана көрмө маалыматтар аркылуу мурастарды сактоо тажрыйбасы менен бөлүшүп, анимациялык тасмалар таанытылды. Жыйынтыгында Өзбекстандын Маданият министрлигине караштуу Илимий институт менен кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлду. Ошол эле күнү Айгине тобу Археология боюнча мамлекеттик борбордун директору жана кызматкерлери менен жолугуп, чийимиаштарды изилдөөдө археологиялык жана элдик түшүнүктөрдү айкалыштыруу зарылдыгын белгиледи. Андан кийин Ташкентке жакын жайгашкан Хожикент аймагындагы чийимташтарга барып, жеринде пикир алмашуу жүрдү. Бугу айынын 15-де белгилүү археолог Мухитдин Хужаназаров менен үч саатка сүйлөшүү болуп өттү. Талкууда чийимташтарды чечмелөөдө элдик жана илимий түшүнүктөрдүн өз ара айырмачылыгы, байыркы сүрөттөрдүн ар түрдүүлүгү жана көп багыттуу чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү өзгөчөлүктөрү талданды. Бул сүйлөшүү Борбор Азия боюнча маалымат булагын илимий ыкмаларын калыптандырууда маанилүү кадам болду.
🌀 Таанытуу жолугушуулары: «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасына санариптик саякат» аттуу долбоордун алкагында төмөнкүдөй таанытуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бугу айынын 13-де Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук искусство университетинде «Салттуу музыка жана аткаруучулук өнөр» багыты боюнча таанытуу болду. Анда «Ибарат» фольклордук ансамбли, оркестр жана салттуу музыкалык аспаптардын көргөзмөсү көрсөтүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар, изилдөөчүлөр жана студенттер өз пикирлерин билдирип, сунуштарын беришти. Бугу айынын 15-де Бишкектеги №69 мамлекеттик гимназияда «Салттуу кол өнөрчүлүк билими, ыкмалары жана буюм-тайымдары» жана «Каада-салттар, ырым-жөрөлгөлөр. Үрп-адаттар, жол жоболор» багыттары боюнча таанытуу өттү. Иш-чаранын алдында Айгине тобу мектептеги балдар үчүн уюштурулган кол өнөрчүлүк ийримине катышып, окуучулар өз кол өнөрчүлүк тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Жолугушууда Чолпонай У.-Г. жаңы түзүлүп жаткан улуттук маалымат булагын тааныштырып, анын мектептер үчүн мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди. Акырында Шаакан Токтогул окуучулар жана мугалимдер үчүн салттуу каада-салттар боюнча интерактивдүү суроо-жооп өткөрдү.
🌀 Паванка фондунун вебинары: Бугу айынын 12-де Паванка Фонд тарабынан уюштурулган «Жергиликтүү жамааттардын үндөрү» аттуу вебинарлардын алгачкысы өттү. Айгине борбору ыйык жерлерди изилдөө боюнча тажрыйбасын бөлүштү. Чолпонай У.-Г. Айгиненин ыйык жерлерди сактоо, изилдөө жана документтештирүүдөгү ыкмаларын, элдик билим ээлери менен жүргүзүлгөн ишти баяндап берди. Вебинар Умай шам ырым-жырымынан башталды, аны Чынар Сейдахматова өткөрүп, дүйнөдөгү бардык жергиликтүү элдердин үнү угулсун деген тилектер айтылды.