🌀 Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк маалымат булагы: Кыргызстандын салттуу кол өнөрчүлүгү боюнча маалымат булагын түзүү иштери активдүү уланууда. Учурда изилдөөчүлөр Мирлан Жолдошев жана Руслан Жунусов Баткен облусунда маалыматтарды чогултуу ишин жыйынтыктап жатышат. Алар аймактагы усталар жана кол өнөрчүлөр менен жолугушуп, салттуу билимдер жана ыкмалар боюнча баалуу маалыматтарды топтоду. Жакынкы күндөрү жыйналган маалыматтарды талдоо жана салттуу кол өнөрчүлүккө тиешелүү кыргызча терминологияны Улуттук реестрдин доменине ылайык түзүү иштери башталат. Бул долбоор ЮНЕСКОнун ИЧКАП борбору жана Түштүк Кореянын расмий өнүктүрүүгө көмөктөшүү (ODA) долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
🎬 «Дулдул булак» долбоору жана тарыхый гезиттерди санариптештирүү Асель Китаева жетектеген жаш сүрөтчүлөр тобу «Дулдул булак» анимациялык тасмасынын сүрөттөрүн иштеп чыгууну башташты. Бул тасмада анимация менен жандуу тасма тартуу ыкмасы айкалышып, Кыргызстандагы ыйык жерлердин тарыхы жана алардын маданий мааниси чагылдырылат. Ошондой эле 1925–1927-жылдардагы «Эркин Тоо» гезитинин алгачкы сандарын санариптештирүү жана транслитерациялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Долбоор кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.