💭 Жазуучу Рыспек Качкеев менен жолугушуу («Аян – бизди курчаган белгилер»): Бирдин айынын 26-да Айгине кеңсесинде өнөктөшүбүз Темирбек Токтогазиев уюштурган жолугушуу өттү. Рыспек Омоевич өзүнүн жашоосу, аяндар дүйнөсүнө келген жолу жана алардын маңызы жөнүндө бөлүштү. Анын айтымында, аян – бул белгилер, алар бизди ар дайым курчап турат, бирок аларды баары эле байкай албайт.
👩🏻‍💻 Кыргызстандын кол өнөрчүлүгүнүн санариптик маалымат булагын түзүү боюнча жумушчу жолугушуу: Бирдин айынын 25-де Айгине МИБ борборунун кеңсесинде ЮНЕСКОнун ИЧКАП (Бейзаттык маданий мурастар боюнча маалымат жана тармактык кызматташтык борбору) тобу менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Кыргызстандын кол өнөрчүлүгүнө арналган санариптик маалымат булагын түзүү ишетери негизги кадамдар, практикалык маселелер жана кыйынчылыктар талкууланды. Айрыкча, маалымат булагынын метадандарын түзүүгө басым жасалды – бул салттуу кол өнөрчүлүк боюнча маалыматтарды иреттүү сактоо жана жеңил издөө үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын түзүү долбоору Корея Республикасынын расмий жардам көрсөтүү (ODA) программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан төрт жылдык долбоордун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор маданий туризм тармагын өнүктүрүүгө жана кол өнөрчүлүк ишмердүүлүгүн колдоого багытталган.
🏆 Кол өнөрчүлүк жана маданий туризм майрамы: Бирдин айынын 25-де Парк Отелде кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн сыйлоо аземи өттү. Бул сынак Корея Республикасынын расмий жардам көрсөтүү (ODA) мамлекеттик долбоорунун алкагында ишке ашырылып, маданий туризм тармагын жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган. Долбоорунун алкагында кыргызстандык кол өнөрчүлөр Түштүк Кореяда өзгөчө үч айлык окуудан өтүп, ал жактагы салттуу кол өнөрчүлүк борборлорунда тажрыйба топтоо менен дүйнөлүк деңгээлдеги кол өнөрчүлүк буюмдарды жаратуу боюнча баалуу тажрыйба билимге ээ болушту.