☀️ Климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска тийгизген таасири боюнча онлайн-таанытма
Бирдин айынын 18-де МИБ Айгине «Бейзаттык маданий мурас, климаттын өзгөрүүсү жана айлана-чөйрө» аттуу атайын иш тобунун экинчи онлайн-таанытмасына катышты. Айбек Самаков Айгине жана «Суучулар» демилге тобу тарабынан 2023-жылы «Паванка» фондунун колдоосу менен ишке ашырылган изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады. Климаттын өзгөрүүсүнүн салттуу билимдерге тийгизген таасири талкууланып, анын ичинде Баткенде өрүктүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү, Нарында мал ылаңдарынын көбөйүшү жана анын натыйжасында салттуу мал дарылоо билимдердин жоголуусу тууралуу айтылды. Климаттын өзгөрүүсүн баалоодо жергиликтүү көрсөткүчтөрдү колдонуу чоң кызыгуу жаратты жана бул багыттагы изилдөө жыйынтыктарын иш тобунун жаңы басылмасына киргизүү сунушталды.
🌀 Салттуу кол өнөрчүлүк боюнча талаа изилдөөчүлөрү менен жумушчу жолугушуу
Бирдин айынын 19-да Айгине кеңсесинде акыркы айларда Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзгөн изилдөөчүлөр тобу менен жолугушуу өттү. Изилдөөчүлөр баштапкы чогултулган маалыматтарды сунуштап, байкоолору менен бөлүшүп, ошондой эле изилдөө маалында туш болгон негизги кыйынчылыктарды талкуулашты. Мамлекеттик деңгээлде системалуу колдоонун жетишсиздигине карабастан, кол өнөрчүлөрдүн өз алдынча уюшкандык деңгээли жогору экени белгиленди. Салттуу билимдерди кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн шарт түзүү зарылдыгы баса белгиленди. Жакын арада чогултулган маалыматтарды терең талдоо жана иретке келтирүү пландалууда.
💭 Аян аркылуу жазылган китептерди изилдөө
Бирдин айынын 19-да Темирбек Токтогазиев кесиптешибиз уюштурган аян аркылуу алынган китептерди изилдөө боюнча кезектеги маектешүү орун алды. Бүбүсара Аруужан эже менен жолугуп, аян деген эмне, аян аркылуу жазылган китептер башка китептерден эмнеси менен айырмаланат жана башка маселелер ди ортого салдык. Бүбүсара Аруужан эже өзүнүн руханий тажрыйбалары менен бөлүшүп, аяндарын негизинде бир нече китеп жарык көргөнүн айтып берди. Бүбүсара Аруужан эжеге келип, ой бөлүшүп, китептерин тартуулаганы үчүн терең алкыш билдиребиз.