Аян аркылуу жазылган китептерди изилдөө: Айгине изилдөө борбору аян аркылуу жазылган китептердин изилдөөсүн баштап жатат. Аян аркылуу жазылган деп китептерди жазган адамдар өзү мүнөздөшөт. Аян ата-бабалардын же башка рухий күчтөрдүн таасири менен жаралган деген түшүндүрмө беришет. Аян алуу кыргыз маданиятынын байыркы көрүнүштөрүнүн бири болгон, анын ичинде “Манас” эпосунун айтылышы да ушул салтка таянган. Бүгүнкү күндө бул чыгармалар кандай мааниге ээ? Ушул жана башка суроолорго жооп табуу үчүн биз өз чыгармаларын аян негизинде жазган адамдар менен маектешип, алардын эмгектерин талдоону максат кылуудабыз.
Салттуу кол өнөрчүлүктү документтештирүү: Аймактардагы изилдөөчүлөр кол өнөрчүлүк боюнча маалыматтарды жана усталардын тажрыйбасын топтоону улантууда. Кулманбетов Эрбол Ош облусунда (Алай, Чоң-Алай, Ноокат) талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, усталардын өзгөчө ыкмаларын жана иштөө техникасын каттоодо. Чүй облусунда (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондорунда) бул ишти Элнарбек Абдыгапар уулу алып барууда. Талас облусунда изилдөөчү Бурул Исмантаева усталардын ишмердүүлүгүн видео документтештирүү менен алектенүүдө. Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунда дизайнер жана изилдөөчү Миррахим Опош кол өнөрчүлөр жана алардын өнөр мурастары боюнча документтештирүү иштерин жыйынтыктоодо.
Бата-оюмдарды иштеп чыгуу иши башталды: Бул жумада биздин кеңсебизге кол өнөрчүлүк чебери Гүлмира эже Кутуева келип кетти. Биз кыргыз оюмдары аркылуу аялдардын батасын чагылдырган долбоор жөнүндө сүйлөштүк. Гүлмира эже өз ой-пикирлерин бөлүшүп, долбоордун кадамдар жана иштөө шарттары боюнча пикир алыштык. Жолугушуунун жыйынтыгында, Гүлмира эже бизге баталар камтылган салттуу жоолуктарды белекке тартуулады.