Иш жолугуулар: Кулжа айынын 20-да, Айгине МИБру Алматы шаарындагы ЮНЕСКОнун Кластердик бюросу менен иш жолугуушуга катышты. Жолугуушунун алкагында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейзаттык маданий мурас боюнча сеперчилерине жана Маданият минстирликтердин өкүлдөрүнө ЮНЕСКОнун тизмелерине катталуучу маданий мурастардын сунуштарын (номинация файлдарын) даярдоо боюнча атайын окуу жана машыктыруу боюнча иш-чарасын өткөрүү талкууланды.
Нарын дубанында талаа изилдөөнұн корутундуларын тастыктоо: Айгине МИБ жана «Суучулар» демилге тобунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска тийгизген таасири боюнча талаа изилдөөлөрүнүн негизинде, Нарын дубанында салттуу ветеринария/мал ооруларын дарылоо боюнча чогултулган маалыматты тастыктоо иш-чарасы Кулжа айынын 18-жана 19-да болуп өттү. Нарын дубанында талаа изилдөө жүргүзүп маалымат чогулткан жергиликтүү изилдөөчүлөр жана маалымат берген коомдоштук өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, сунушталган корутундуларды кеңири талкууланып, сунуштар киргизилди. Иштин жүрүшүндө маалыматчылар менен уй чарбасына таанышу сапары болуп өттү. Долбоордун башкы адиси – Айбек Самаков, PhD. Жергиликтүү изилдөөчүлөр – Гүлжамал Эсеналиева, С. Нааматов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Нарын университетинин педагогика факультетинин деканы жана Эрбол Медетбек уулу жана Салбарова Асель, аталган университеттин Педагогика факультетинин окуучулары. Изилдөөнүн натыйжасы катары климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска таасири жана ага ыңгайлашуу жолдору, колдонмо катары иштелип чыгат.
Жылдыздар тууралуу жергиликтүү билим: Айгине МИБ «Жылдыз Санак» демилгелүү тобу менен биргеликте «Балдар Асманы» аттуу жаңы долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүүдө. Долбоордун негизги максаты – балдарга асман дүйнөсү жана асман чөйрөлөрү тууралуу байыркы жергиликтүү билимди жана түшүнүктөрдү тартулоо жана кенен жайылтуу болуп саналат. Долбоордун күтүлгөн натыйжалары – кыргыз тилинде үч жергиликтүү уламышты камтыган кооз китеп чыгаруу, ошондой эле асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү, Саймалуу-Таштагы айрым чийимташтар менен алардын өз ара байланышын ачып берген анимациялык тасманы тартуу. Кулжа айынын 18 Айгине МИБ тобу «Жылдыз Санак» демилгелүү топтун мүчөлөрү менен – Ж. Баласагын атындагы КУУнун улуу окутуучусу, астрономияны окутуунун методикасы боюнча адис Абакир Калыбеков агай жана эркин журналист, кыргыз генеалогиясынын изилдөөчүсү Шаакан Токтогул менен алгачкы жолугуу өткөрүштү. Жолугууда долбоордун баштапкы иш-чаралары жана күтүлгөн натыйжалары талкууланды.
Үйрөнүү иши: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды 4-кылдуу комузда жана кайра жасалган салттуу кыл кыяктарда ойноого үйрөтүү иштерин улантууда. Бул музыкалык аспаптар долбоордун алкагында атайын чеберлер Рысбек Жунушов жана Марат Берикбаев тарабынан жасалган. Музыканттар реконструкцияланган комуз жана кыл кыяктарда окуудан өтүп жаткан долбоор катышуучуларынын экинчи угууну жеке экзамендер түрүндө өткөрүштү.