Иш жолугуулар: Кулжа айынын 8-де“Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасына санариптик саякат” долбоорунун алкагында Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасынын чоң бөлүмү болгон “Кыргыз кол өнөрчүлүк билими жана салттуу буюмдар” боюнча топтолгон маалыматты коомдоштук мүчөлөрү менен тастыктоо жана толуктоо жыйыны болуп өттү. Маалыматты, кол өнөрчүлүк боюнча адис, салттуу билим ээси жана уз, Айдай Асангулова тарабынан даярдалган. Жолугушуунун жүрүшүндө маалымат толук кандуу даярдалганына баа берилип, эки-үч толуктама киргизилди. Бул маалымат аталган санарип аянтчадан орун алат.
Телеберүүгө катышуу: Кулжа айынын 12-де УТРК даярдаган казак жана кыргыз элдеринин орток маданий мурасына арналган “Кош канат” берүүнүн кезектеги тартылышы орун алды. Боз үй, Кыргызстандын жана Казакстандын элдеринин салттуу турак жайы, мындай мурастын үлгүсү болуп саналат жана 2014-жылы, так 10 жыл мурун, ЮНЕСКОнун Өкүлчүлүктүү тизмесине киргизилген. МИБ Айгиненин директору доктор Гүлнара Айтпаева телеберүү алкагында биргелешкен сунуштарды даярдоо жана илгерилетүү иштери жөнүндө айтып берип, бул көптөгөн адамдардын эмгеги экенин жана ар бир арыздын борборунда маданий мурасты алып жүрүүчүлөр, алардын билими жана баалуулуктары турганын баса белгиледи.
Иш жолугуулар: Айгине МИБ жана «Суучулар» демилге тобунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска тийгизген таасири боюнча талаа изилдөөлөрүнүн негизинде, Баткен дубанында өрүк өстүүрүү боюнча чогултулган маалыматтын корутундуларын тастыктоо иш-чарасы Кулжа айынын 11-жана 12-де болуп өттү. Баткен дубанында талаа изилдөө жүргүзүп маалымат чогулткан жергиликтүү изилдөөчүлөр жана маалымат берген коомдоштук өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, сунушталган корутундуларды кеңири талкууланып, сунуштар киргизилди. Иштин жүрүшүндө маалыматчылар менен өрүк бакчасына сапар жана Токтолугул олуянын күмбөзүнө зыярат кылынды. Долбоордун башкы адиси – Айбек Самаков, PhD, жергиликтүү изилдөөчүлөр Назгул Алдашева жана Айгул Жамалидинова. Изилдөөнүн натыйжасы катары климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска таасири жана ага ыңгайлашуу жолдору, колдонмо катары иштелип чыгат.