🎶 Эл аралык форумга катышуу: IV Эл аралык илимий-практикалык форумдун алкагында “Коңур үндү кыргыз оркестринин үнүнө киргизүү” долбоорунун жумушчу тобунун мүчөсү Турумбаева Чолпон Коңур үн боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Бугунун 30 Кулжа 2 чейин өткөн Алтай мамлекеттик маданият институтунда Азия элдеринин Шериктештигинин алдындагы окуу жайлардын маданият тармагында “Евразиялык аймактын маданияты” IV Эл аралык илимий-практикалык форумунун алкагында тааныштырды. Форумга катышуу үчүн Чолпон Турумбаеванын “Көңур үн кыргыз аспаптык музыкасында” деген макаласы орус тилине которулган. Макала Эл аралык илимий-практикалык форумдун жыйынтыгы боюнча Алтай мамлекеттик маданият институтунун илимий журналына жарыяланат. Музыканттар тобун реконструкцияланган комузда жана кыл кыякта ойноого үйрөтүүнүн акыркы максаты аларды реконструкцияланган аспаптар менен Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин оркестрине киргизүү жана отчёттук концертин өткөрүүдө.
⛰️ Кыймылдуу видео түзүү: “Мурдаш Башы чийимташтарын картага түшүрүү жана аларга байланыштуу салттуу билимди изилдөө жана санариптештирүү аркылуу сактоо” долбоорунун координатору “Тентек” бирикмесинин мүчөсү менен Мурдаш Башы чийимташтар боюнча анимациялык видеороликти биргелешип иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Сюжет салттуу адистер менен археологдордун Мурдаш-Башы комплексинин таштарындагы чиймелерди чечмелөө долбоорунун иш чаралардын жүрүшүндө түзүлгөн. Жолугушуунун жүрүшүндө Мурдаш-Башы маданий-тарыхый комплексинин салттуу интерпретациясын жана археологиялык сыпаттамасын камтыган санариптик картасы менен бирге долбоордун жыйынтыгына кирүүчү келечектеги кыймылдуу видео тартуунун мөөнөтү жана практикалык милдеттери талкууланды.
✋ Жаштар зордук-зомбулука каршы: Бугунун 24-дө, УТРКнын Жаштар Деми берүүсүндө Айгине МИБ тарабынан тартылган “Кечиресиңби?” жана “Ырым” аттуу эки кыска тасманын бет ачаары болду. Бул тасмалар өлкөбүздө көбөйүп кеткен үй-бүлөлүк зомбулукту чагылдыруу максатында тартылган. Жаштар Деми берүүдө Мундуз Асаналиева (этно-психолог), Айгерим Кубатбекова (журналист) жана Асылбек Жоодонбеков (мугалим) баяндоочу катары катышып беришти. Бет ачаарда баяндоочулар жана катышкандар кыска тасмаларды талкуулап, коомубузда зомбулуктун күчөшүнүн себептерин жана жоюу жолдорун айта кетишти. “Кечиресиңби?” аттуу роликтин режиссеру Темирлан Жумабеков, ал эми “Ырымды” Гузель Дуйшенкулова тартты. Жаштар Деми берүүсүнө Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери катышты. Берүүнү толугу менен шилтеме аркылуу көрсөңөр болот: https://www.youtube.com/watch?v=YJpPQCaoOKg .
👩🏻‍💻 Иш жолугуулар: Кулжа айынын 5-де Бейөкмөт уюмдар Форумунун иш тобу, бейзаттык маданий мурасты сактоо иш чараларынын натыйжаларын балоо көрсөткүчтөрү боюнча онлайн жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында, бул көрсөткүчтөр боюнча атайын колдонмо иштелип чыгат. Бул көрсөткүчтөр өлкөлөр тарабынан төрт жылда бир берилүүчү жоопчотто колдонулат. https://ich.unesco.org/en/overall-results-framework-00984 Айгине МИБ Азия-Тынч мухит аймагынан 2023-жылдан 2024-жылдын аягына чейин Форумдун Аткаруу комитетинин мүчөсү катары болуп келет.