Жаш музыканттарды үйрөтүү иштери: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды реконструкцияланган кыл кыяктарга жана комуздарга үйрөтүү иштерин улантууда. Музыканттар конурдун нукура үнүн издөөнү улантып, салттуу аспап жасоочу Марат Берикбаев менен тыгыз кызматташып, аспаптарга кичине, бирок олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Өнөрпоздор тобун реконструкцияланган комузда жана кыл кыякта ойноого үйрөтүүнүн акыркы максаты аларды жаңыланган аспаптар менен Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин оркестрине киргизүү жана концерт өткөрүүдө.
Гендердик теңсиздикке каршы күрөшкө даректүү чакан тасмага даярдоо: Бул жумада гендердик теңсиздикке каршы күрөшкө арналган “Ырым” аттуу даректүү чакан тасма тартууга даярдык иштери жүрдү. Баяндаманын өзөгү өткөн жылдын аягында жарыяланган сынактын алкагында тандалып алынган. Тасмада гендердик теңсиздик, элибиздин каада-салттары жана анын кесепеттери тууралуу сөз болот. Тасма тартуу 15-мартта башталат.
Мурдаш Башынын чийимташтардагы сүрөттөрдү чечмелөө иштери уланууда: Мурдаш чийимташтарын картага түшүрүү жана аларга байланыштуу салттуу билимди изилдөө жана санариптештирүү аркылуу сактоо» долбоорунун салттуу боюнча адистер тобу Мурдаш-Башы таштарындагы сүрөттөрдүн маанисине негизделген окуяны түзүү менен жигердүү алектенип жатышат. Максаты – мындан ары Кыргызстандын чийимташтары тууралуу мурда түзүлгөн Айгине МИБ веб-сайтына жайгаштыруу үчүн окуяны моушн видео же тасма түрүндө тартуу жана Мурдаш Башы маданий-тарыхый комплексинин санариптик картасы иштелип чыгууда.
Улуттук бейзат мурастардын тизмеси боюнча иш: “Кыргыз Республикасынын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун жумушчу тобу долбоорду ишке ашыруунун экинчи баскычта жана чогултулган маалыматтарды толуктоо, бейзат мурастар боюнча жана тиешелүү сүрөттөрдү жана видео маалыматтарды чогултуу, текшерүүнү улантууда. Санариптик аянттын дизайны жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан бекитүү баскычында турат. Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча 2003-жылдагы Конвенциянын негизги концепциялары боюнча видео-инфографикаларды иштеп чыгуу жана өндүрүү 2024-жылдын жаз айларына пландаштырылган. Долбоордун алкагында кыргыз элинин бейзат мурастардын домендеринин алдын ала бекитилген саны 9; Дунган (хуйзу) эли – 9, уйгурлар – 6.
Иш жолугуулар: Жалган курандын 13-дө ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча 2003-ж. Конвенциясынын алкагында Бейөкмөт уюмдар (БӨУ) Форумунун Аткаруу кеңешинин мүчөлөрү Конвенциянын Катчылыгынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун максаты – Катчылык менен БӨУ Форумунун ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча ойлорду жана мүмкүнчүлүктөрдү жалпы талкуулоо болду. Ошондой эле Аккредиттелген БӨУлардын адистик дараметин жогоруулатуу боюнча долбоордун экинчи бөлүгүн ишке ашыруу маселелери; Африка аймагынан аккредиттелген БӨУлардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү; кулжа айында Париж шаарында өтө турган 10-чу Башкы Ассамблеясынын жүрүшүндө кошумча иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү сыяктуу маселелер кеңири талкууланды. Айгине МИБру БӨУ Форумунун жигердүү мүчөсү жана 2022-2024-жылдар аралыгында Азия-Тынч мухит аймагынан Аткаруу кеңешинин өкүлү катары шайланган.




