Майрам жолугуулар: Жалган курандын 7-де Айгине МИБ өзгөчө конокторду күттү. “Асыл Жан” радиоуктуруунун өнөктөшү “Жамааттык радионун” өкүлдөрү Назира Жусупова жана Айгерим Кубатбекова ошондой эле уктурууга катышып жеке тажрыйбасы менен бөлүшкөн коноктор Санжи Туйтунова, Мундуз Асаналиева, Нуриза Чынтемирова келишти. Жолугуу учурунда зордук-зомбулукка тиешелүү көйгөйлөр кайра козголуп, кандай иш-аракеттер аркылуу бул көйгөйлөрдү азайта алабыз деген суроо талкууланды. Жеке жагымсыз тажрыйбалар менен бөлүшүү кыргыз салттуу коомчулугу үчүн жаңы көрүнүш, ошондуктан бул дайыма бир топ сын-пикирди туудуруп келет. Бирок кыргыздар айткандай “ооруну жашырсаң, аны өлүм ашкерелейт”. Салттуу коомчулук запкы тарткан кыз-келиндерине көңул буруп, колдоого алып, аларды коргоо мезгили келди деп ишенебиз.
Иш сапарлар: Жалган курандын 3-5-де Кошмо Араб Эмират өлкөсүндө Маданий форумга Айгине маданий борборунун жетекчиси Гүлнара Айтпаева катышты. Быйыл бул жыйналыштын борборунда Убакыт/Мезгил/Заман/ Доор меселеси: Сultural Forum 2024: a Matter of Time. Жалган курандын 3-дө Айгиненин жетекчиси Гүлнара Айтпаева ”Маданий мурасты сактап өткөрүү: аягы көрүнбөгөн сапар” аттуу маекке катышты. Абу Дабидеги эл аралык жыйналыш маданият боюнча эң чоң жыйналыштарынын бири. 200 жүздөн ашык баяндамачылар чакырылып, миңден ашык адам катышты. Алардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, мурунку жана азыркы өкмөт башчылардан тартып маданият жетекчилерине чейин бар болду. Бейөкмөт уюмдар да кенен орун алышты. Атагы чыккан ырчы-чоорчулар, жазычуулар, илимпоздор да катышып болушту.
Пландоо комитети: Жалган курандын 7-де МИБ Айгине координатору Айза Абдырахманова Азия-Тынч океан аймагындагы бейзаттык маданий мурастарды изилдөө борбору (IRCI) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Бейзат мурас коргоо боюнча Азия-Тынч деңиз аймагынын изилдөө борборун түзүү” долбоору боюнча Пландоо комитетинин онлайн отурумуна катышты. Бул долбоордун алкагында “Азия-Тынч деңиз бейзаттык мурастарды изилдөө форумун” түзүү жана өткөрүү пландаштырылууда. Комитеттин курамына Азия-Тынч деңиз аймагынын изилдөөчүлөрү кирет. Жыйындын жүрүшүндө биринчи илимий форумдун мөөнөтү, ошондой эле анын мазмуну талкууланды. Бул долбоордун максаты – бейзаттык мурастарды коргоо тармагындагы изилдөөлөрдү мындан ары өркүндөтүү жана бейзаттык мурастарды изилдөөчүлөрүнүн тармагын бекемдөө.