Даректүү чакан тасма “Алсыз кордойт, күчтүү коргойт”: Айгине Борбору өлкөбүздө болуп жаткан үй-бүлөлүк жана аялзатка карата зордук-зомбулукту азайтуу максатында чакан тасмаларды тартууда. Бул жумада “Алсыз кордойт, күчтүү коргойт” аттуу чакан тасманы тартуу башталды. Баяндаманын өзөгү өткөн жылдын аягында жарыяланган сынактын жеңүүчүсү Шаакан Токтогулга таандык. Зордук-зомбулукка каршы өлкөбүздүн сыймыгы болгон көк-бөрүчүлөр катышууда. Уюштурууну долбоордун алакачысы Мээрим Айткеева башкарып келет.

Мурдаш Башы чийимташтарынын салттуу сүрөттөмөлөрү: Бүгүн, бирдин айынын 8-де «Мурдаш Башы чийимташтарын картага түшүрүү жана аларга байланыштуу салттуу билимди изилдөө жана санариптештирүү аркылуу сактоо» долбоорунун алкагында алакачы Айза Абдырахманова Мурдаш Башы таштарындагы чиймелерди чечмелөө боюнча салттуу билим боюнча адистери менен жолугушууну өткөрдү. Мурдаш Башы онлайн картасын түзүүдө чийимташтардын археологиялык сыпаттамасы менен бирге Мурдаш Башы таштарынын салттуу сүрөттөмөлөрү тартууланат.

Изилдөө усулдары боюнча таанытма: Бүгүн, бирдин айынын 8-де, Айгине МИБ жана «Суучулар» демилге тобунун өнөктөштүк долбоорунун башкы адиси Айбек Самаков, Нарын жана Баткен дубандарынын иш тобторуна талаа изилдөөнүн усулдары боюнча таанытма өттү. Таанытманын максаты – Баткен жана Нарын дубандарында кеңири тараган бейзаттык маданий мурас көрүнүшүн тандоо жана ал тандоонун негизинде изилдөө усулдарын аныктоо. Терең маектешүү жана сурамжылоо усулдарын колдонуу менен аталган дубандарда климаттын өзгөрүүсүн жергиликтүү индикаторлорго таянып байкоо, жана ошол өзгөрүүлөр тандалган бейзаттык маданий мураска кандай таасирин тийгизип жатканын аныктоо. Изилдөөчү топ өз ишине эмки жумадан баштап кирише баштайт. Таанытманы долбоордун алакачысы Чолпонай Усубалиева-Грищук уюштурду.

“Асыл жан” радиоуктуруунун алкагында “Зомбулукка кабылган соң чыгуу жолдору. Жеке тажрыйба” багытында маек орун алды. Зомбулук көргөн этнопсихолог, коуч-трасформатор Мундуз Айбековна тажрыйбасы менен бөлүштү.