Иш кеңешме: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында, үчтүн айынын 22-де, Кыргызстанда жашаган дунган элинин бейзаттык маданий мурасын инвентаризациалоо максатында чогултулган маалыматты иргөө жана тастыктоо боюнча кеңешме болуп өттү. Аталган кеңешмеге дунган элинин ар кырлуу маданий мурасын сактап жүргөн коомдоштук мүчөлөрү катышып, чогулган маалыматка өз сын пикирин айтуу менен бирге бир-нече багытта кошумча маалымат бере алышты. Чогулган маалыматтын негизинде, дунган элинин маданий мурасы тогуз бөлүмгө бөлүндү. Ар бир бөлүм, өз ирэт, бир нече маданий көрүнүштөрдөн (элементтерден) турат. Иш топтун жоопту серепчиси Жон Али агай – этнограф, тарых илимдеринин кандидаты жана КРнын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтуна караштуу Дунган таануу жана кытай таануу борборунун ага илимий кызматкери.
Коңур үн: 23-январда Айгине маданий борборунун кеңсесинде “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү”” долбоорунун алкагында жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Долбоордун демилгелүү тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов жана салттуу музыкалык аспап жасоочу Марат Берикбаев конур үн менен оңой черте турган кыл кыяктын түзүлүшүндөгү өзгөрүү жүрүмүн талкуулашты. Кыл кыяк жасагандан кийин долбоордун жумушчу тобу жаш музыканттарды реконструкцияланган кыл кыякта ойноого үйрөтүү кырдаалын баштайт. Комуз черткенди үйрөнүү иши башталды.
Онлайн иш жолугууү: үчтүн айынын 24-дө, Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Казахстандын Жезказган шаарында жайгашкан «Ұлы Тағзым» (Улуу таазим) уюмдун негизөөчүсү Бактияр Сапарбекович Кожахметов жана өкүлү Балгын Салыкова менен он-лайн жолугуу уюштурду. «Ұлы Тағзым» – ЮНЕСКОнун 2003 Конвенциянын астында аккредитациядан өткөң Казахстандагы жалгыз уюм. Жолугуунун максаты – таанышып, бейзаттык маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу максатында орток долбоорлорду байкап көрү
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кезектеги радио угуу: Бул жумада 2 маселе боюнча көрсөтүү болуп өттү – актёр, теле алып баруучу Нурдөөлөт Копоев: Адамдык баалуулуктарга чакырык; акын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Атахан Кожогулов: Асыл жан: Аялзатын барктайлы. Акындын чакырыгы.