Гендердик зомбулукка каршы видео тасма тартууга даярдык: буд жумада Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик маданият жана маданият университетинин окутуучусу, оператору Чоро Нурсейитов жана режиссёр Темирлан Жумабеков менен гендердик зомбулукка каршы күрөшкө арналган видеоролик тартууга даярдыкка бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тасманын эң мыкты сценарийине сынак 2023-жылдын аягында жарыяланган жана сынак аяктагандан кийин эки жеңүүчү тандалган. Биринчи тасманын баяндамасы эркин журналист Шаакан Токтогулга таандык.
Иш жолугуулар: Айгине МИБ жана «Суучулар» демилге тобунун өнөктөштүк долбоорунун башкы эксперти Айбек Самаков Нарын жана Баткен дубандарында изилдөө тобун түзө баштады. Изилдөө топ жергиликтүү коомдоштуктар арасында климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска тийгизген таасири боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзө баштайт жана ал өзгөрүүдлөрдү жана таасирлерди салттуу экологиялык билимдерге негизделген байырлоо ыкмаларын изилдейт. Аталган долбоор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кезектеги радио угуу: Бул жумада 2 маселе боюнча көрсөтүү болуп өттү – Эркин Рыскулбеков, теле алып баруучу: Коомдогу зомбулукка эркин пикир? Мирхамид Токтогул, алып баруучу: Байыркы баалуулуктар. Азыркы реалдуулук.