Бейзаттык маданий мурастын элементтеринин улуттук тизмесин кайра карап чыгуу боюнча иштер: Кыргызстандын Бейзаттык маданий мурастын элементтеринин улуттук тизмесинин 8 чөйрөсүнүн өкүлдөрү – оозеки элдик чыгармачылык, салттуу музыка, салттуу ырым-жырымдар жана майрамдар, салттуу тамак-аш, салттуу кол өнөрчүлүк, салттуу оюндар, жаратылышка жана ааламга тиешелүү билимдер, ыйык жерлерге байланыштуу зыярат жана ырым-жырымдар элементтеринин улуттук тизмесин тактоо, түзөтүү жана толуктоо боюнча ишин улантууда. Учурда долбоордун жумушчу тобу бул иштин алкагында түзүлө турган санариптик аянтчага андан ары жайгаштыруу үчүн тизмелерди которууну баштады. Салттуу тамак-аш чөйрөсү орус тилинен кыргыз тилине, ал эми салттуу кол өнөрчүлүк чөйрөсү кыргыз тилинен орус тилине которулуп жатат. Иш ЮНЕСКОнун Бейзат маданий мурас Фондунун колдоосу менен «Бейзат маданий мурас дүйнөсүнө санариптешкен саякат» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Аялдарга карата үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту талкуулоо үчүн радио уктуруу: 15-августта Айгине МИБ кеңсесинде жамааттык медиа тармагынын өкүлдөрү менен биргеликте аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу келечектеги радиоберүүнү уюштуруу боюнча жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө уктурууну жаздыруу жараянын шарттары, ар бир берүүнүн форматы жана маселери талкууланды. Жыйында бир катар радио уктурууну 27-ноябрдан баштап аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы жыл сайын өтүүчү 16 күндүк иш-чарасынын башталышы менен дал келүү чечими кабыл алынды.
Маданий мурас боюнча эл-аралык жыйналышка катышуу: Айгине МИБ-дин жетекчиси Рим шаарында, Италияда өтүп жаткан “Жандуу мурас, жарандык коом, туруктуу өнүгү” аттуу эл-аралык жайналышка катышууда. Жыйналыш ЮНЕСКОнун Бейзаттык мурасты коргоо боюнча 2003 жылкы Келишимдин 20- жылдыгына арналып, тармак боюнча адистерди чогултту. Жыйналыш өлкөнүн парламенти иштеген байыркы имаратында орун алууда.