🙋🏻‍♀️ Сынак: Аялзатка болгон зордук-зомбулук мамилени тыйуу: Айгине МИБ аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чакан тасмалардын баяндамасын (сценарийин) түзүү боюнча сынак жарыялайт. Негизги талап: баяндама кыргыздардын жана башка жергиликтүү улуттардын арасында кенен орун алган көрүнүштөрдү жана түшүнүктөрдү камтып, көйгөйдү чечүү аракеттерди сунушташы керек. Баяндама 2-3 мүнөттүк тасмага негиз түзүү керек. Баяндама авторлорго ыңгайлуу жергиликтүү тилдерде сунушталышы мүмкүн. Сынактын мөөнөтү: 10 ноябрь – 10 декабрь. Сунушталган баяндамалардан 2 сценарий тандалып, ошолордун негизинде авторлордун катышуусу менен тасмалар тартылат. Тандалган сценарийдин акысы – 20 000 сом (бир баяндамага) жана баалуу китептер. Сунуштар 2023-жылдын 10-декабрына чейин office@aigine.kg дарегине жөнөтүлүшү керек.
🌒 Кыргыздын салттуу түш жорумасы боюнча басылма: Айгине МИБ тобу Кыргыздын салттуу түш жорумасы боюнча басылманы басмага даярдап жатат. Түшүндө көргөн нерсени чечмелөө менен карталардан тышкары, басылма дагы бир нече элементтерди камтыйт – жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү заттар, музыкалык коштоо жана башкалар. Басылманын бет ачары 2023-жылдын күзүндө болот.
🎶 «Коңур үн» долбоорунун алкагында музыкалык аспаптарды түзүү процесси: “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үндү киргизүү” Рысбек Жунушов менен Марат Берикбаев кыргыздын нукура “конур” үнүн сактап калган комуз жана кыл кыяктарды жасоо процессинде. Долбоордун алкагында 12 музыкалык аспап жасалат: 6 комуз жана 6 кыл кыяк. Долбоордун кийинки этабы – ансамбль түзүү жана бул аспаптарда ойноочу музыканттарды даярдоо.