🙋🏻‍♀️ Аялзатына болуп жаткан зомбулукка карата кеңешме: 31-октябрда Айгине МИБ кыргыз аялзатына карата зомбулук маселесинде бир катар жолугушуу-маектер болуп өткөрдү. Жолугушуулар коомдо орду бар, кошкон салымы бар журналисттер, коомдук активисттер, маданият өкүлдөрү жана башкалардын катышуусунда. . Жолугушуунун катышуучулары менен төмөнкү маселелер талкууланды:
• Коомдо аялзатына карата зомбулуктун күчөшү, пикириңиз кандай?
• Аял-эркек ажырымына алып келген жагдайларга баа берүүгө болобу?
• Терс жагдайга бөгөт койууга салым кошуу иретинде кандай аракеттерди биргеликте жасай алабыз?
🧫 «Башка жергиликтүү маданияттар менен таанышуу аркылуу Кыргызстандын элдеринин түпкүлүктүү өзгөчөлүктөрүн бекемдөө»: ОО «Арыш-Кенч» Айгине МИБру менен биргеликте «Башка жергиликтүү маданияттар менен таанышуу аркылуу Кыргызстандын элдеринин түпкүлүктүү өзгөчөлүктөрүн бекемдөө» долбоорун ишке ашырууну баштады. Долбоордун алкагында Апела Колорадонун англис тилиндеги «Дүйнөлөр ортосундагы аялзат» китебинин кыргыз тилинде котормосу басылып чыгарылат. Долбоордун көздөгөн максаттарынын бири, китепте баяндалган Америка түпкү элдеринин руханий маданияты менен таанышуу аркылуу Кыргызстандын элдеринин түпкүлүктүү өзгөчөлүгүн түшүнүү жана бекемдөө.
🌒 Кыргыздын салттуу түш жорумасы боюнча басылма: Айгине МИБ тобу Кыргыздын салттуу түш жорумасы боюнча басылманы басмага даярдап жатат. Түшүндө көргөн нерсени чечмелөө менен карталардан тышкары, басылма дагы бир нече элементтерди камтыйт – жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү заттар, музыкалык коштоо жана башкалар. Басылманын бет ачары 2023-жылдын күзүндө болот.