ОсОО «СолТех», МИБ Айгине маданий мурасты сактаган топтор менен биргеликте «Маданий мурастын жана заманбап технологияладын жолугушуусу» долбоорун ишке ашырууну баштады.
Бул долбоордун алкагында маданий мурасты сактоого, жайылтууга жана өсүп келе жаткан муунга жеткирүүгө багытталган 2 анимациялык тасма жаратылат. Ошондой эле долбоордун алкагында санарип каталогун түзүү үчүн ата-бабалардан келе жаткан баталарды, Жаратканга кайрылуунун жолдорун, түштөрдү жоруу усулдарды излилөө ишке ашырылат. Долбоордун түпкү максаты: санариптик каталогду колдонуу аркылуу маданий мурастарды сактоо жана азыркы жашоодо пайдалуу.