Бүгүн, 10-ноябрда, МИБ Айгиненин тобу Азия-Тынч деңиз аймагындагы Эл аралык бейзат маданий мурастарды изилдөө борбордун (IRCI) өнөктөшү катары “Азия-Тынч деңиз аймагындагы бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө булакты түзүү” долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу иш-чараны өткөрдү.
Иш-чаранын максаты IRCI маалымат базасы үчүн бейзат маданий мурас боюнча изилдөө булактарын чогултуу боюнча эки жылдык долбоордун жыйынтыгын чыгаруу жана талдоо болгон.
Иш чарага долбоордун экинчи айлампасы маалымат базасы үчүн изилдөө материалдарын чогултууга жана сүрөттөмөгө катышкан улуттук өнөктөштөр катышты.
Иш-чаранын катышуучулары менен IRCI-нын башкы директору Ватару Ивамото видео кайрылуу аркылуу саламдашып, жылуу тилектерин жолдоду. Долбоордун алакачысы Айза Абдырахманова IRCI маалыматтар базасы үчүн бейзат маданий мурас боюнча изилдөөбулактарын чогултуу боюнча эки жылдык долбоордун жыйынтыгы боюнча баяндама курду.
Баяндамадан кийин долбоордун жыйынтыктары талкууланды. Улуттук өнөктөштөрдүн ар бири маалымат базасы үчүн булактарды иргөөгө жана талдоо тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Улуттук өнөктөштөр керектүү булактарды табуудагы жана талдоодогу кыйынчылыктар жөнүндө айтып беришти, жана изилдеген булактарда орун алган багыттар боюнча өз пикирлерин айтышты.