Бүгүн, 10-октябрда МИБ Айгиненин кызматкерлери менен көп жылдык өнөктөшү, Бүткүл дүйнөлүк жергиликтүү илим тармагынын (WISN) директору, доктор  Апела Колорадо ошондой эле тармагынын кызматкери, үн инженери, Мэтью Такер ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Доктор Апела Колорадо жергиликтүү өнөктөштөр менен бир катар жолугушуулардан алган таасирлери менен бөлүштү. Жолугушууда ошондой эле биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктары жана Айгине менен WISN ортосундагы мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды. Атап айтканда, Апела өзүнүн “Дүйнөлөрдүн ортосундагы аял” (Woman between the worlds) аттуу китебин белекке берди. Биз аны которуунун  мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Материалдык эмес маданий мурастарды тереңирээк жана ар тараптуу билүү үчүн архиаакустика (жерлерди алардын үндөрү аркылуу изилдөө), анимация жана кыймылдуу дизайнды колдонуу менен Кыргызстандын чийимташтардын көрүнүштөрдү визуализациялоо баарлашуунун кызыктуу темасына айланды.

МИБ Айгине WISN менен биргеликте ишке ашырып жаткан бардык долбоорлор алардын бардык катышуучуларынын ой жүгүртүүсүн деколонизациялоого багытталган.