21-25-августта МИБ Айгиненин өкүлдөрү Бишкек шаарында, Каракол шаарында жана Ак-Суу районунун борборунда Ак-Суу районундагы Ак-Булуң чийимташтардын айланасында корголуучу аймагын түзүүнүн жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында жолугушууларды өткөрүштү. Мындай сунушту өнөктөштөр – археология жана материалдык мурастар боюнча адисттер изилдөө долбоорун ишке ашыруу учурунда киргизишкен.
Жолугушуулардын жыйынтыгында сунушту ишке ашырууну кыйындаткан бир катар жагдайлар аныкталды. Маданият министрлигинин алдында өзгөчө корголуучу аймактарды долбоорлогон түзүлүшү бар, бирок ал өзүн өзү каржылап, кымбат баалуу долбоорлорго гана басым жасайт. Дагы бир жолу бар – ушул сыяктуу кызматтарды көрсөткөн жеке уюм, ал дагы чет элдик долбоорлорго багытталган.
Ак-Булуң чийимташтардын, коргондордун, балбалдардын тегерегине корголуучу аймагын түзүүнү эңсеген айыл коомчулугунун бул ишти кыла албай турганы аныкталды. Себептери: кызматтардын кымбаттыгы жана татаал жол-жобосу.
Мындай шарттарда, балким, формалдуу түрдө аныкталган корголуучу аймактарды түзүүгө эмес, жамааттар тарабынан «өзүнүн» маданий мурастарын формалдуу эмес коргоого көңүл буруу керек.