CEDAR – диний айырмачылыктары бар жамааттар Борбор Азиянын тилектештик педагогикасы программасы менен биргеликте Кыргызстанда “Өткөөл мезгилдеги үй-бүлөлөр жана салттар” деген темада жайкы мектепти уюштурууда.
CEDARдын негиздөөчүсү жана жетекчиси Бостон университетинин профессору, доктор Адам Селигман, ал эми Өнүгүү программасынын жетекчиси Мэриленд университетинин изилдөө профессору, доктор Дэвид Монтгомери.
Устүбүздөгү айдын 9-да Айгине маданий-изилдөө борбору көп жылдык өнөктөштөрү Садыр уулу Жумагазы, Аманбүбү Төрөгелдиева жана Жаңылсынзат Турганбаева менен биргеликте өткөөл мезгилдеги үч салттуу кыргыз үй-бүлөлөрүнүн тажрыйбасына арналган биргелешкен жыйын өткөрүштү. Катышуучулардын ар бири өткөөл мезгилди кандай түшүнөрүн айтып беришти жана салттуу үй-бүлөнүн үлгүсүн жана артыкчылыктарын өз тажрыйбасынан айтып беришти.
![]()

