Бүгүн, 31-июлда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Ак-Булуң чийимташтарына байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо (Ысык-Көл облусу, Кыргызстан)” долбоорунун алкагында студенттердин катышуусунда биринчи таанышуу иш чарасыболуп өттү. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Иш чаранын алкагында археолог, тарых илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусуСолтобаев Орозбек Азекович чийимташтарды документтештирүү процессине токтолуп, ошондой эле Ак-Булуң чийимташтары боюнча алгачкы таасирлери менен бөлүштү. Белгилүү археолог чийимташтар бар жерде Бабаташ – балбалдар жана коргондор  болушу керек экендигине көңүл бурду.

КР Маданият министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошов окуучуларга тарыхый эстеликтердин түрлөрү жана тарыхый жерлерди республикалык жана жергиликтүү маанидеги тизмесине киргизүүнүн нормалары тууралуу айтып берди. Чынарбек маданий мурастарды сактоодогу негизги көйгөй катары өз айылдарынын айланасында жайгашкан эстеликтерди коргоого жергиликтүү элди агартуу иштеринин жетишсиздигин, тартылбаганын белгиледи.

Айгинин көптөн берки өнөктөштөрү, салттуу билимдин адистери – Жумагазы Садыр уулу жана Чынара Сейдахматова окуучуларга чийимташтар байыркы адамдар тарабынан жаралган билимдердин сактагычы тууралуу гипотезалары менен бөлүшүштү. Алар илимий талдоо жүргүзүүгө татыктуу бир катар кызыктуу ойлорду  сунушташты.