18-июлда МИБ Айгиненин тобу Кореядан келген Азия маданият борборунун (АСС) өкүлдөрү менен жолугушту.

ACC борбору Кореянын Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын Маданият министрлиги менен биргеликте маданий ресурстарды башкаруу үчүн санариптик маалымат системасын түзүү долбоорун баштоодо.

Учурда Кыргызстандагы үч ири мамлекеттик музейдин катышуусунда керектүү маалыматтарды чогултуу иштери жүрүп жатат. Жакын арада маданият тармагында иштеген бейөкмөт уюмдар боюнча иш баштоо пландалууда.

Жолугушууда МИБ Айгине менен Азия маданият борборунун ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон шарттары жана жагдайлары талкууланды.