Жалпы маалымат

Комузчу, күүчү, ырчы-аткаруучу, Эн-Белги комуз үйрөнүү ыкмасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына карата, көп кырдуу
чыгармачыл дүйнөсүнө арналган «Дайым сулуу бул дуйнө» аттуу кароо-сынактардын жобосу.

Бул сынактар кыргыз салттык, аспаптык музыкасын, комузчулук, күүчүлүк, аткаруучулук өнөрлөрүн өнүктүрүү максатын көздөө менен бирге, Н.Абдрахмановдун чыгармачылыгын
жаш муундарга жеткирүү, чыгармаларын сактоо жана жалпы жайылтуу болуп саналат. Н.Абдрахмановдун көп кырлуу чыгармачылык дүйнөсүн эл алдында адискөйлүк
деңгээлде алып чыга ала турган, чыгармаларын чебер аткара алган мыкты күүчүлөрдү, аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу.

Бул сынакка салттуу музыка искусствосунун аваздык-аспапчылык багытын алып жүрүүчүлөр, Н.Абдрахмановдун күүлөрүн жана ырларын жеке же ансамбль/оркестрде кесипкөйлүк деңгээлде ойноп/ырдай алган баардык өнөрпоздор жана музыкалык атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышат. Ар бир багыттын жүрүшү жана эрежелери жөнүндө толук маалымат «Сынак маалыматы» баракчасында камтылган. Кароо-сынак 15 жаштан 30 жашка чейинкилердин арасында бир нече айлампа менен
өтөт.

Биринчи (тандоо) айлампасы жергиликтүү жоопкерчиликтүү окуу жайлар жана башка мекемелер тарабынан уюштурулуп, айлампанын жыйынтыгы уюштуруучу топтун дарегине
кат жана видео материал түрүндө жөнөтүлүүсү зарыл. Экинчи айлампага өткөн катышуучунун аткаруусунда эки (2) чыгарманын видеосу WhatsApp же Telegram аркылуу, ал эми кат түрүндө – катышуучулардын аты-жөнү, аткарган эки (2) күүнүн аталышы жана туулгандыгы тууралу күбөлүк/паспорту камтылып, Тогуздун айынын 1-7 чейин жөнөтүлүшү – шарт.

Байланыш дарек: Айгине маданий-изилдөө борбору, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 93

+996 700 211 216 Алтынкыз Нурак кызы +996 770 594 299 – Чолпон Алымбекова

Тоолук маалымат