30-мартта МИБ Айгине кеңсесинде “Тагдыр жана өлүм” циклинин алкагында биринчи жолугушуу болуп өттү. Дизайнер, SHERDEN брендинин негиздөөчүсү жана “7 АСМАН” интеллектуалдык-чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү  Миррахим Опош «Кайра төрөлүү (реинкарнация) түшүнүгү жана анын кыргыздын салттуу дүйнө таанымына тиешеси» деген маселеде ой бөлүштү.

Миррахим индуизмдин, буддизмдин, йоганын негиздерин түшүнүү боюнча өзүнүн жеке тажрыйбасы жана өлкөнүн заманбап жамааттарында реинкарнация сыяктуу Индиянын руханий маданиятынын негизги концепциясын колдонуу боюнча байкоолору менен бөлүштү. Миррахим кыргыздын салттуу дүйнө таанымындагы өлгөндөн кийинки жан жолу концепциясы менен жандын кайра төрөлүү маселесин салыштырып талдоо жүргүзгөн. Миррахим реинкарнация өлүмдү түшүнүү катары кыргыздардын бир катар түшүнүктөрүнө жана тажрыйбасына карама-каршы келет деп болжолдогон. Атап айтканда, кыргыздын “жети ата”, “кайып дүйнө”, “касиет өтөт”, “тукум куут”, “атандар, энени тартуу” сыяктуу түшүнүктөрү.

Талкуунун жүрүшүндө угуучулар өз ойлорун ортого салып, ар бир маданият белгилүү бир тарыхый, географиялык, климаттык шарттардын таасири астында өнүгүп келе жаткан баалуу система экендигине бир пикирге келишти. Маданият тутумдарын жагымдуу шарттарда жигердуу өз ара аракеттенет. Акыркы отуз жылда, Кыргызстан ачык демократиялык өлкө болгондон кийин, Индиянын эзотерикалык салты кыргызстандыктарга Индияга саякат, котормо адабияты жана йога аркылуу күчтүү таасирин тийгизди. Реинкарнация маселеси  Индиянын маданий тутумунун бөлүгү болуп, көп сынга алынбастан, Кыргызстандагы руханий тажрыбаларын  топторуна, анын ичинде кыргызчылык менен алектенгендерге кире баштады. Кыргызчылыктын кээ бир түшүнүктөрүн сынсыз алмаштыруу бар. Узак мөөнөттүү келечекте мындай алмаштыруу «жети ата» сыяктуу негизги маданий мекемелерди шек туудурушу мүмкүн.

Миррахим изилдөөчү катары ар бир тутумдарынын баалуулугун, зарылчылыгын түшүнүп, тигил же бул маданиятка артыкчылык бербестигин баса белгиледи.