Жалгaн курандын 23-дө ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча 2003-жылы кабыл алынган Конвенциясынын Өкмөттөр аралык комитетинин алдында иштеген Баалоо уюмунун биринчи биргелешкен онлайн отуруму болуп өттү. Ага 12 эл аралык адис жана Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциянын катчылыгы катышты.
Жолугушуунун максаты бири-бири менен таанышуу, иш тартибин жана эрежелерин макулдашуу болду. Жолугушуунун эң маанилүү бөлүгү – эл-аралык сунуштарды баалоодо макулдашылган көз-карашка иш жүзүндө жетишүү болду. Жыйынды Бейзаттык мурастарды коргоо боюнча Конвенциянын катчылыгынын жетекчиси Тим Кертис алып барды.
Айгине МИБ 2021-жылдын аягында болгон шайлоодо 2022-жылдан 2025-жылга чейин Баалоо уюмунда Азия-Тынч деңиз аймагынын өкүлү болуу укугун жеңип алды.


