Элмирбек Иманалиевдин ырларын аткаруучулар арасында Республикалык кароо-сынак жарыяланды. Байге фонду 600 миң сом. Аталган конкурстун алкагында орус же англис тилинде “Аруузатым” аттуу ырын өзгөчө аткаргандар үчүн да атайын сынак болот.
Уктурууга “Айгине” маданий изилдөө уюмунун жетекчиси, филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева жана “Элмирбек Иманалиев” атындагы фонддун өкүлү, акындын кызы Айзуура Иманалиева катышууда.