6-декабрда Айгине маданий-изилдөө тобунун жана өнөктөштөрүнүн Кыргыз Республикасындагы БУУ-Аялдар уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүктүн жабылыш аземинин концепциясын талкуулоо болду. Концепция МИБ Айгине тарабынан сунушталган жана маданий мурастар жана аны алып жүрүүчүлөр зордук-зомбулукка каршы активдүү аракеттерге тартылышы керек деген ишенимге негизделген.

БУУ-Аялдар уюмунун Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Улзийисурен Жамсранды кызыктырган негизги суроолордун бири: “салттуу” деп аталган топтордун жана айылдык жамааттардын арасында кандай риторика, механизмдер жана инструменттер эффективдүү боло алат.