2021-жылдын 5-ноябрында МИБ Айгине  командасы ЮНЕСКОнун Конвенциясына аккредиттелген БӨУлардын географиялык жактан тең салмактуу өкүлчүлүгү боюнча жумушчу топтун пландаштырылган отурумуна катышты. Бул топтун максаты – Форумда материалдык эмес мурас боюнча бейөкмөт уюмдардын тең салмактуу өкүлчүлүгүнө көмөк көрсөтүү.

Отурумдун жүрүшүндө 13-18-декабрга чейин Франциянын Париж шаарында өтө турган ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 16-сессиясында бейөкмөт уюмдар форумунун мүчөлөрү үчүн топтун расмий презентациясын уюштуруу маселелери талкууланды. Бул презентациянын жүрүшүндө аталган жумушчу топтун төрагалыгына МИБ Айгине талапкерлиги көрсөтүлөт.

МИБ Айгине, 2003-жылы ЮНЕСКОнун Конвенциясында аккредиттелген бейөкмөт уюм катары, 2018-жылдан бери материалдык эмес мурас боюнча бейөкмөт уюмдар форумунун мүчөсү. Бул форум кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана консультация берүү үчүн аккредиттелген бейөкмөт уюмдардын тармактарын түзүү үчүн глобалдык платформа болуп саналат. 2003-жылдагы Конвенцияга ылайык ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетине кызмат көрсөтүү.

Форумда бир нече жумушчу топтор активдүү иш алып барууда, алар материалдык эмес мурастарды сактоо процесстеринин да, Форумдун ишинин да ар кандай аспектилерин камтыйт.