2021-жылы 17-июнда Көңдүк айылында  «Жерин сүйгөн эл, элди баккан жер: Көңдүк элинин жаратылышты сактоо ыкмалары» китебинин бет ачары болуп өттү.

Бул китеп 2020-жылы Көңдүк айылында жергиликтүү калктын жаратылышты коргоо ыкмаларын изилдөөдөгү иш-аракеттин жыйынтыгы. Аталган изилдөө Айгине маданий-изилдөө борборунун кызматкерлеринин жардамы жана Көңдүк айылынын тургундарынын күчү менен «Кулун-Ата коругунун жаратылышын сактоо үчүн салттык билим жана илимий ыкмалардын негизинде жергиликтүү адистердин жардамы менен калктын билимин жогорулатуу» долбоорунун алкагында ГЭФ (Дүйнөлүк экологиялык фонд) чакан гранттар программасынын колдоосу менен жүргүзүлгөн.

Бет ачарга айылдын тургундары, айыл аксакалдары катышып келишти. Бет ачаргдын алкагында МИБ Айгиненин эксперти Жумагазы Садыр уулу китпетин мааниси жана максаты жөнүндө айтып берди. Айылдын тургундары долбоордун жүрүшү жана анын натыйжалары жөнүндө таасирлери менен бөлүшүштү. Ошондой эле, долбоордун жумушчу тобунун мүчөлөрү, жергиликтүү тургундар Назиров Миталип, Төлөнбаев Жанболот жана Шайбылдаев Абдыжапар долбоордогу иштен алган таасирлери менен бөлүшүштү.

Китептерди бет ачарга катышкан бардык жергиликтүү тургундар алышты, ошондой эле Көңдүк айылынын мектеби, айылдын китепканасы жана Кулун-Ата коругу.

Бул долбоорду ишке ашырууга жана китепти иштеп чыгууга салым кошкондордун баарына,өзгөчө терең ыраазычылыкты Көңдүктүн меймандос жана даанышман элине, анын ичинде Назиров Мукан абага, Назар абага жана  Жапар абага билдиребиз.